Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Кой аймагында эки башкармалык бар. Алардын бири: “Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркы”, ал эми экинчиси “Кара-Кой токой тажрыйба бөлүмү”. Алдыда биз экинчиси тууралуу сөз кылабыз. Анткени бул тажрыйба бөлүм 1956-жылы негизделип, кийинки жылы эле көп жылдык өсүмдүктөр эгиле баштаган. Ошондон бери илимий изилдөө менен тажрыйба кылуу максатында эгилген карагайдан тартып, арча, кайың, четин, шилби, долоно сындуу көп жылдык өсүмдүктөр учурда асман тиреп өсүп турат.
Бирок азыр ички туризм анын келечегине кооптонуу жаратууда. Анткени адамдар эс алуу үчүн Кара-Койго чыгып барып, таштанды таштагандан тартып, даңылдатып күнү-түнү музыка койгонунан жана өрт кооптуулугун жаратканына чейин коркунуч туудуруп жатышат. Булар тууралуу ошол жерде иштеген КР Улуттук илимдер академиясынын Кара-Кой токой тажрыйба бөлүмүнүн башчысы Жунусбек Алимбеков билдирди. Аны менен ат жалында маек кылдык.
– Жусупбек мырза, саламатсызбы? Туризмди өнүктүрөбүз деп атабыз, бирок сиз жетектеген “Кара-Кой токой тажрыйба бөлүмү” сыяктуу жаратылыш аймактарына кандайдыр бир кесепети тийип калуу коркунучу бар экен? Анткени бул жакка эс алып келгендер көп болот экен. Алардан таштанды таштагандан тартып, ызы-чуусу, анан өрт кооптуулугу бар тура. Бул маселе сиздерде кандай болуп атат?
– Саламатчылык. Ооба, жергиликтүү туризмдин кесепети катуу тийип атат. Жакшы эмес, начар жагына тартып атат десек болот. Эмне себептен? Жергиликтүү туризм боюнча элдин түшүнүгү туура эмес болуп атабы билбейм, келип, Кара-Койдо эс алып, жөн отуруп, жаратылыштан ырахат алуу эмес, дискотека кылышып, ырдап, кыйкырып, музыкаларды менин боюмдай колонкалар менен даңылдатып, күнү-түнү шаңданып атышат.
Биринчиден бул – биздин жапайы жаратылыштагы жан-жаныбарларга терс таасирин тийгизип атат. Мисалы: азыр чымчыктар сайрабай калды. Ушул ыргак менен кеткен болсок, жакынкы беш жылда Кара-Койдон айрылабыз. Абал оор. Экология бузулуп, чөптөр чыкпай калып атат. Бирок ошентсе да, ушул Кара-Кой паркында иштеген кызматкерлердин күчү менен гана турат десем жаңылышпайм. Негизи алар кантип иштеп атышат? Аябай кыйын болууда. Анткени мен спортчу катары көрүп атам, 5-6 жылдын ары бери жагына салыштырганда Кара-Койдун абалы оор. Экинчиден, автоунаалар күнү-түнү үзүлбөйт. Жайында келсеңиз Ноокат шаары менен айырмасы болбой калды. Анан чаңды айтпа. Негизи адамга эң пайдалуу затты арча чыгарат эмеспи. Анан мындай чаң менен кантип чыгарсын? Бул жакты экотуризмге айландырабыз десек, кантип кылабыз? Музыка менен жаныбарларды качырып жиберсек, чаң менен кантип өсүмдүктөрдү сактайбыз? Дагы эмне десем болот. Жалпысынан кыйын болуп баратат.
А биз өз милдетибизди аткарып атабыз, көчөттөрдү эгип атабыз. Бул жерде Илимдер академиясынын 540 гектар жери бар. Мурда малдан коруйт элек, а азыр адамдардан коруп калдык. Алар кирип, “ысырык кылабыз”,-деп арчаларды сындырып атышат. Алар: “өткөрүү постуна акча төлөдүк, биз киришибиз керек”,-дешет. Түшүнүгү башкача болуп атат.
– Эми ушуларды алдын алуу боюнча эмне сунуштарды берсе болот?
– Кара-Койду сактап калуу үчүн, тиги ылдый жакта Чат-Көпүрө деген жер бар. Ошол жердеги көпүрөдөн автонуаалардын киришине тыюу салыш керек. Эл эс алууга жөө чыгыш керек. Бул жакка машиналар чыкпаш керек. Кара-Койдун ошондо гана келечеги болот. Бул боюнча өкмөттөн чечим чыгабы же ага жеткириш үчүн журналисттердин жарамы керекпи, бул жолду баарыбир тосушубуз керек. Азыр эми адамдар мүрзөгө чейин чыгып кетип атышат. Анан илбирске, тоо текелерге окшогон жаныбарлар музыка чыгып атса, жакын келеби?
– Сиз жетектеп аткан бөлүмдө негизинен кандай жумуштар аткарылып жатат?
– Өзүбүздүн иш боюнча айтсам, бизде менден башка дагы беш адам иштейт. Биз көк карагайдын, жөнөкөй ель карагайы сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөрдүн уруктарын теребиз дагы, ошол уругунан өстүрүп чыгабыз. Мисалы биз көк карагайдын уругун эксек, чаңдашканда Ель Тянь-Шань менен чаңдашып калып атат дагы, нукура көк чыкпай калып атат. Анан биз ошол Ель Тянь-Шандын шагын сындырып, ошону эгип, тамырлатып, күнөсканадан чыгарабыз. Буга жалпысынан 7-8 жыл убакыт кетет. Ошондо гана кичинекей көчөткө жетет. А жетилиш үчүн 10-15 жыл керек. Чоң мээнет. Анан аны буйрутма менен сатып, өкмөткө акчасын төгөбүз. Негизги ишибиздин бири – көчөттөрдү коргоо, аларды сындырып кетишин алдын алуу.
Малды айдаса кетет экен, адам кыйын болуп атат. Келип эле сындырып, ийип, жаман кылат. Мисалы элестет: бир автобуз адам келсе, анын ону сындырат экен. Түшүндүрсөң, түшүнбөйт. Анан алар ичишет, чегишет. Эң кооптоно турган жери – айнек бөтөлкөлөрдү таштап койсо, жаман да. Өрт кооптуулугу туулуп атат. Ошентип алардын ушундай таштандыларын теребиз. Биздин негизги ишибиз илим эмес, таштанды терүү болуп калды. Ошентип акыркы 5 жылда жергиликтүү туризм күчөгөн сайын артына кетти.
– Мурда кандай эле?
– Мурда сонун болчу. Эс алгандар аз болчу. Келишсе да эрте кетишчү. Чатырлар жок эле. Чымчыктар сайрап, жапайы жаныбарларларды көрчү элек. Табигый чөптөр бийик-бийик болуп өсөт эле. Илгери чоң жайлоолорго айдачу эле, азыр эми ушул жакка чыгарышат. А жерден топурак сапырылат. Мисалы: чөп көп жылдык болот эмеспи. Ал үч жыл урук ташташ керек. Бирок ошол уругун чыгарбай, жерге жеткирбей жеп кетсе, ал чөп кийин чыкпай калат. Ушундай абалга кептелип атабыз. Ошого биздин кызматкерлер болушунча аракет кылып иштеп атышат.
– Кара-Койдун келечеги опурталдуу боло баштаптыр да анда?
– Мен айтып жатпаймбы, жакынкы 5 жылда биз Кара-Койдон айрылып калышыбыз мүмкүн. Кечээ жакында мен балдар менен Кичи-Алайга чыгып, айланып түштүк. Ак-Арттан өтүп, Жаңы-Ноокат аркылуу келдик. Дээрлик 30-40 км бастык. 5 жыл мурда чыктым эле, азыр ошол жердеги мөңкүлөр ээрип кетиптир. Мурда кичине көл болчу эле, азыр ошол көл 10 эсе чоңоюптур. А муз жок. Ээрип кетиптир. Жакынкы аралыктарда дагы эмне болот белгисиз.
– Илимий иштер боюнча дагы эмнелерди аткарып атасыздар?
– Илимий иштер боюнча айтсам, биздин Жалал-Абадда илимий борборубуз бар да. Ошол жерде илимиз изилдөө иштери жүрүп турат. Ал эми бизде чарба. Эгүү, чоңойтуу менен алекпиз. Анан бизге Бишкектеги Токой чарба институтунан илимий кызматкерлер келип кеңештерин берип турушат.
Акырында айтаарым, биздин жергиликтүү туризмди өзгөртүш керек. Сактап калыш үчүн ушул тапшырма алдыда туруш керек. Иштеп жаткан кызматкерлерге жардам бериш керек. Туризмди токтотсун эмес, өнүктүрсүн, өстүрсүн, бирок башкача жасаш зарыл. Бардык нерсенин чеги болот. Мындай кетиште болбойт.
– Рахмат маегиңизге
Маектешкен: А.Белеков