Кара деңизде Грузияга өсүмдүк майын ташып бара жаткан россиялык “Midvolga 2” танкери чабуулга кабылды. Бортто 13 экипаж мүчөсү бар, окуядан жабыркаган жок. Түркиянын деңиз иштери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кеме учурда Синоп тарапка бара жатат.
Кара деңизде күн карама майын ташып бара жаткан россиялык “Midvolga 2” танкерине Түркиянын жээгинен 80 деңиз миль (148 км) алыстыкта чабуул жасалды.
Бул тууралуу Түркиянын деңиз иштери боюнча башкы башкармалыгы X соцтармактагы баракчасында билдирди.
Узундугу 140 метр болгон танкер күн карама майын ташып, Россиядан Грузияга бара жаткан. “Marine Traffic” билдиргендей, танкер Россиянын желеги менен жүрөт.
Бортто 13 экипаж мүчөсү бар, алар жабыркаган эмес жана жардам сурашкан эмес. Учурда кеме Түркиянын Синоп шаарына багыт алган.
Росморречфлот агенттиги маалымдагандай, кемеге дрондор аркылуу чабуул жасалган.
Эске салсак, өткөн жума күнү Новороссийскти көздөй бараткан Гамбиянын желеги илинген “Кайрос” танкери Түркиядан 28 чакырым алыстыкта Кара деңизде күйүп кеткен. Экипаждын 25 мүчөсү эвакуацияланган. Өрт дээрлик эки күндөн кийин гана өчүрүлгөн.
Ошол эле күнү Түркиянын жээгинен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан “Вират” танкерине кол салуу болгон. 20 кишиден турган экипаж кемени таштап кетүүдөн баш тарткан. Ишембиде ага пилотсуз деңиз катерлери дагы кол салышкан.
“Marinetraffic” маалыматына ылайык, эки танкер тең Гамбиянын желегинин астына жүрөт. LSEG маалыматына ылайык, “Кайрос” жана “Вират” Россияга каршы санкцияларга дуушар болгон кемелердин тизмесине кирет.



















