Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 30-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

К. Ташиев: «Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти»

  • Интервью
  • 02.04.2024 08:55

Loading

Өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш багытында кимдер гана акыл үйрөтүп жаткан жок. Чекеден эле баары эксперт болуп чыга келишип, «кустуруп аткан акчанын жарымы мамлекетке, жарымы сол чөнтөккө кетип жатат»- деп акылдуу көрүнгөндөр андан көп. Биз бул суроолорду бийлик башчыларына бергибиз келип турганда, капысынан Бишкектен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугуп калдык. Аз болсо да, саз маек болду.

— Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Акыркы үч жылда сиз жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгүңүздөр айтылды. Бул акчалар кайда? Сиздердин мекемеде калдыбы же республиканын бюджетине кеттиби?

-Саламатчылык, Cиз бул суроого өзүңүз эле жооп берип жатпайсызбы. Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн-түз республикалык казынага которулуп турат.

Тема боюнча

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026

Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт.

— Кечээ жакында “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө генерал Өмүрбек Суваналиев эл ичинде айтылып жүргөндөй — “кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, “мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз”- деди. Мындан сырткары ал “кустуризациядан түшкөн акчалардын дайыны жок”- деген сөзүн айтты?

-Биринчиден, мен “Азаттык” радиосун укпайм. Кимдер андан чыгып алып, эмнелерди сүйлөп жатканын карап олтурганга менин убактым да жок. Суваналиевдин сүйлөгөнүн дагы Сизден угуп атам.

Экинчиден, эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал”, “к..тани” деп атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды. Менден эмес, Баткен элинен барып сурасаңыз толугураак жооп аласыз.

Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза.

Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элди талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйгө муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.

Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “иттер үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!

Анткени, дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула.

-Маегиңиз үчүн сизге рахмат.

Маектешкен Илязбек Балташев.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "кустуризация"К. Ташиевкоррупцияга каршы күрөшУКМК
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

25.08.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн  УКТ мүчөсү кармалды

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн УКТ мүчөсү кармалды

14.07.2026
Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

29.06.2026
Россияда  бийликти күч менен басып алууга чакырган  Кыргызстандын жараны кармалды

Россияда  бийликти күч менен басып алууга чакырган  Кыргызстандын жараны кармалды

26.06.2026
Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

25.06.2026
Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

15.06.2026
А. Медетбеков: “Террордук уюмдардын активдешүүсүнүн аркасында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтуу жагдайлар бар”

А. Медетбеков: “Террордук уюмдардын активдешүүсүнүн аркасында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтуу жагдайлар бар”

15.06.2026
Жактоочу 100 миң доллар пара менен кармалды

Жактоочу 100 миң доллар пара менен кармалды

04.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.