“Мыйзамдагы ууру” макамы бар маркум Камчыбек Көлбаевдин Кыргызстандын түштүктөгү өкүлү деп аталып жүргөн “Женго” каймана аты бар Кадыр Досонов кылмыш дүйнөсүнөн баш тартканын жарыялады.
Анын мындай билдирүүсү 6-октябрда Tik Tok социалдык тармагында видео түрүндө жарыяланды.
“Мен, Досонов Кадырбек Акпарович, жашым элүү үчтө, Кыргызстандын жаранымын. Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийип жашап келе жатам. Буга чейинки мыйзамсыз иштеримди Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында жооп бергенмин. Азыркы учурда эч кандай криминалдык статусум жок. Кыргызстаныбызда тынчтык, амандык болсун”,- деп айтылган анын кайрылуусунда.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстанда күч түзүмдөрү кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен күрөш тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдирип келет. УКМК менен ИИМ кылмыштуу топтун адамдары кармалганы тууралуу байма-бай маалымат берип келет. Ушул аптада эле кылмыштуу топтогу адамдар кармалганы тууралуу бир нече маалымат таратылды.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев криминал менен айыгышкан күрөш жүрөрүн айтып, аларды мыйзамга каршы иштерден баш тартууга чакырганы бар.
«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов быйыл жыл башында Ош шаарында болгон адам өлтүрүү иши боюнча кармалган.
Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө катуу сабалып, оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Кийинчерээк ал бейтапканадан чыккан. Ооруканадан чыккандан кийин арадан бир нече убакыт өткөн соң ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.
Милиция билдиргендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.
Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Курсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган. Бул иш боюнча жалпы тогуз шектүү кармалганы кабарланган. Кармалгандардын баары тергөө абагында камакта отурат.
Учурда алардын иши Ош шаардык сотунда каралууда. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.
4-октябрда Бишкектин борборунда Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” Камчы Көлбаев УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын учурунда күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынган.