Акыркы кырк жыл ичинде Афганистандын өкмөттөрү Кабул шаарындагы суу ресурстарын башкаруу боюнча талаптагыдай көңүл бурган эмес.
Кабулдагы жер астындагы суунун деңгээли 30 метрге төмөндөп, болжол менен 60 миң кудук кургап калган.
Божомолдорго караганда, алдыдагы беш жыл ичинде Кабулдун жер астындагы суу сактагычтары толугу менен кургап калат.
Кабулдагы суу кризисине бир нече маанилүү фактор себеп болууда. Алардын эң негизгиси — Кабулдун тездик менен өсүп жаткан калкы.
Өткөн жыйырма жыл ичинде шаардын калкы эки эсеге көбөйгөн, бирок өлкөнүн борбору үчүн жаңы суу булактарын камсыздоо боюнча эч кандай олуттуу чара көрүлгөн эмес. Иран жана Пакистандан кайтып келген мигранттардын Кабулга массалык түрдө жайгашуусу да бул маселени тереңдетти.
Суу боюнча адистердин айтымында, Афганистанда ичүүчү суунун тартыштыгына — агын сууларды көзөмөлдөбөө, климаттын өзгөрүшүнүн таасирлери жана калктын ири шаарларга топтолушу негизги себеп болууда. Мунун кесепетинен эл таза ичүүчү сууга жетпей, өзгөчө Кабул шаарында санитардык көйгөйлөр жана көптөгөн оорулар пайда болууда.
Афганистан өкмөтүнүн өкүлдөрү Кабулга суу камсыз кылуу боюнча долбоорлор жүрүп жатканын айткан менен чет өлкөлүк жардамдын токтотулушу жана өлкөнүн оор экономикалык абалы бул чоң көйгөйдү чечүүгө тоскоол болушу мүмкүн.

















