Афганистандын борбору Кабул — заманбап шаарлардын ичинен биринчи болуп толугу менен суу ресурстарынын түгөнүү коркунучуна туш болушу мүмкүн.
Бул тууралуу The Guardian басылмасы Mercy Corps аттуу бейөкмөт уюмдун маалыматына таянып жазды.
«Эгерде абал өзгөрбөсө, 2030-жылга чейин Кабулдагы бардык суу булактары түгөнүп, шаарда жашаган жети миллион адамдын жашоосу коркунучка кабылат», — деп айтылат макалада.
Акыркы он жыл ичинде Афганистандын борборунда жер астындагы суунун деңгээли 30 метрге төмөндөдү. Бул көрүнүш активдүү курулуш иштери жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Натыйжада, шаардын калкын ичүүчү суу менен камсыздаган шаардагы кудуктардын жарымына жакыны кургап калган.
Белгиленгендей, азыркы тапта шаарда суу алуу көлөмү табигый жол менен жер астындагы суунун калыбына келиш ылдамдыгынан жогору.




















