Эл аралык тажрыйбада сырттан бир өлкөнүн жарандары келип обьектилерди сатып алуусу же концессияга, ижарага алуусу көндүм көрүнүштөрдөн. Алсак, Грузиядагы негизги аэропорттор, мейманканалардын, эс алуу жайларынын сезилерлик бөлүгү түрктөрдүн колунда.
Кыргыз-Түрк-Манас университети 80 гектардан ашык жери менен түрк өкмөтүнө карайт. Башка мейманкаларды, билим берүү мекемелерин ж.б. айтпай эле коёлу. Орус өкмөтү убадасына туруп, жалпы билим берүүчү 9 мектеп курса, алар да Россиянын көзөмөлүнө өтөт. Бирок, анын баары салынып турган жер – Кыргызстанга таандык. Муну Азимбек акем билип турса да, анткорлонуп, “майда анклавдар түзүлүп жатат”- деп элдин башын айландырып жатат. Ал киши өзү да, башка мамлекеттин инвесторлору салган имараттарына, иштерине ээлик кылган менен жерди ижарага гана алышарын илгертпей түшүнгөн адамдардан. Эгерде, чатак чыгып кетсе, “имаратыңарды эмне кыласынар, чатагыбыз жок, жерди бошоткула”- деген маселе коюлат (муну билген үчүн алар да кыргыз мыйзамдары менен жашоого аргасыз). Анткени, Баш мыйзамда ошондой жазылган.
Ошондуктан, Азимбек акенин “Өзбекстанга 4 пансионат менен кошо жер да өтүп, 4 анклав түзүлдү”- дегени жөнөкөй сөз менен айтканда – чагымчылдык. Анткени, документтерди карагыла, ошол төрт пансионаттын жерлери 49 жылга ижарага гана берилери жазылып турат, так даана. Мисалы, пансионаттарды кайтарып алган менен он жылга жакын убакыттан бери аларды иштеткенге эч ким чыкпаса, эмне кылуу керек эле? Алар өзбектердин өздөрүнө болбосо, башкаларга сатылышы, же ижарага берилиш керек болчу. Чөп кайтарган иттей болуп, “өзүм да жебейм, жей тургандарга да бербейм” деп отура бергенден көрө, колунан иш келип, аздыр-көптүр казынага киреше түшүрө тургандарга берилиши керек. Инвестиция келсе, алык-салыктары, төлөмдөрү менен бирге анын үчтөн бирине жакыны казынага түшөт. Курулуштар башталса, андан биздин курулуш материалдарын чыгаруучулар, жүк ташыгычтар пайда табышат. Курулгандын, бүткөндүн эч кимге зыяны тийбейт. Күч келсе, алар кургандарын сатып жибериши мүмкүн, бирок жери биздики, аларга бизден башка эч ким ээлик кыла албайт.
Эми көмүр кендери жөнүндө. Өткөн кылымда көмүр “өнөр жайынын наны” деп эсептелген. Азыр антип айтса күлүшөт, анткени технологиялар алдыга кетти. Завод, фабрикалар эбак көмүрдү пайдаланбай калган, жылыткычтары, газ, электр энергиясы менен, азыр көмүрдүн биздей үчүнчү дүйнөдөгүлөрдөн башкаларга кереги жок. Эгерде биздин көмүр кендерибизди казып, сатып ала тургандар чыкса, биз аларга сүйүнүшүбүз гана керек. Антпесек, дагы чейрек кылымдан кийин алардын баары баасы-баркы жок нерселерге айланат.
Эмне үчүн АКШ нефти, газдарын ири көлөмдө сатып жатат? Алар жашыл экономика толук күчүнө кирсе, нефти менен газга да суроо талап эселеп түшүп кетээрин билип турушат.
Еврошериктештикте 2035-жылдан баштап бензин, солярка менен жүргөн автоунааларга тыюу салынат. А түгүл АКШнын өкмөтү жакынкы жылдарда 1 миңге жакын ГЭСин демонтаждап, ордуларын мурдагыдай калыбына келтирерин жарыялап, ал ишти баштады. Анткени, жашыл экономиканын доорунда ГЭСтер да архаизмге айланганы турат. Ошондуктан, азыр таш доорунун параметрлери менен эмес, ааламдаштыруунун жана жашыл экономиканын параметрлери менен ой жүгүртүү керек.
Азимбек акенин саясаттагы, тарыхтагы орду чоң. Аны эч ким талаша албайт. Мен да башыңызга түшкөн кесепеттен батыраак кутулуп чыгышынызга тилектешмин. А бирок, саясат үчүн түз нерсени кыйшык көрсөтүп, элди козутуу жакшылыкка алып барбайт. Эми сиздин оюңузча, Азимбек аке, биз талашып, тартышып, бирибизди бирибиз чукулап, кетирип эле жүрө беришибиз керекпи? Анда мамлекетти ким ойлойт? Башыбыздан канча нечендеген оор кырдаалдарды өткөрдүк, биз ошондон бери сөзүнүздөрдү эки кылбай, угуп, айткандай болуп келдик го? Жеке мен ар дайым гезитим аркылуу колдоп келгем. Акыйкат бурмаланган нерсени мен жактырбайм. Азыр ошондой болуп жатат.
Качан турмуш оңолот? “Акыркы саясатчы өлгөндө гана”- деп бир даанышман айткан. Туугандар, саясатты, бири-бирибизди чукуганды токтотуп, эл турмушун ондобойлубу? Экономиканы биринчи орунга чыгаралы…
Билип турам, айрым саясатчыларыбыз күздү өтө күтүп жатат… Мурдулары кычышып… Азыр кырдаал башка. Кыйынчылыкка кабылбаган жаран жок, лекин, алдыга жыла турган жол көрүнүп калды… Сабыр кылалы, анткени, чын эле, “сабырдын түбү – сары алтын”!
Нургазы Анаркулов.
P.S. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.