16-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуп чек ара, уюшкан кылмыштуулук, коррупция боюнча маселелерге токтолду.
УКМКнын төрагасы жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонуна токтолуп, ошол учурда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болбогондугун белгиледи.
“Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле.
Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу. Айлык-маяналары 15-20 миң сом эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болгон. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык”, – деди УКМКнын төрагасы.
Анын айтымында, чек ара жаңжалындагы кырдаалдын курчуп турган мезгилинде Дубайдан, Орусиядан атайын буйуртма менен жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа, аскердик техника, курал- жарак жана ок-дарылар алынып келинген.
Ошол эле аскердик курал-жарактардын ичинде “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы” заманбап пилотсуз башкарылган учактар да алынган жана азыр булар Борбор Азия боюнча Кыргызстанда гана бар экендигин билдирди.
К. Ташиевдин айтканы боюнча “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди жок кылуу мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгон.
Себеби уюшкан кылмыштуу топтор күчөп, өлкө боюнча бардык бийликтерге тамырын жайып кеткендигин баса белгилеп, “Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, мыйзамдагы ууру жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн “мыйзамдагы ууруну” жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду”, – деди ал.
К. Ташиев жыйындын жүрүшүндө мугалимдерге, студенттерге атайын кайрылуу жасап “Мамлекеттик деңгээлдеги эң негизги маселелердин бири бул коррупция менен күрөшүү. Эгер коомду, мамлекетти өзгөртөлү десек, агай – эжекелерибиз, балдарыбыз мамлекеттин келечеги ушул нерседен башталышы керек экендигин унутпашы керек. Эгер биз коррупцияны ооздуктай алсак экономика, билим берүү жана финансылык маселелери өзүнөн-өзү чечилип калууга шарт түзүлүп кала тургандыгын билишибиз керек” -деди.
УКМК жетекчисинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айынан берки мезгил аралыгында билим берүү тармагы боюнча УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган.
К.Ташиев белгилегендей, козголгон жана иликтенип жаткан кылмыш иштерин талдоо көрсөткөндөй билим берүү тармагындагы коррупция учурлары ар түрдүү формаларга, коррупциялык зоналарга ээ болуп, мындай мыйзам бузуулар көп кездешет. Тагыраагы, ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү, ЖОЖдордун билим берүү ишмердүүлүгү, ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, ЖОЖдордогу мамлекеттик сатып алуулар, ЖОЖдордун кадр саясатын ишке ашыруу, бул билим берүү тармагындагы коррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес, айрым ак ниетсиз ЖОЖдун окутуучулары жана жетекчилери академиялык бүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына өз салымын кошуп жаткандыгы белгиленди.
Ошол эле учурда коррупция боюнча күрөш эми билим берүү тармагына жеткендигин эскертип, ар бир мектеп, жогорку окуу жайларына кезек келгендигин айтты.























