Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим,эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште чемпион болду.
Айпери Медет кызы кыл чайнашкан беттеште кытайлык Янюан Хонгду 5:3 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Спортчу 76 кг салмак категориясында беттешип 1/8 финалдан баштаган.
Алгач казакстандык балбанды 4:1 эсебинде, украиналык балбанды 10:6 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште кытайлык балбанды 6:3 эсебинде жеңген. Алтын медаль үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:3 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.
Буга чейин, 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынса, 82 кг ченде Бексултан Назарбаев Кыргызстандын капчыгына кезектеги коло медалды салды.
Аталган мелдеш 1-июнда “Бишкек-Арена” муз аянтчасында старт алган.
Күрөш он салмактык категорияда өтүп, жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.
Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг;
Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125;
Кыз-келиндер күрөшү: 50, 53, 55, 57,59, 62, 65, 68, 72, 76.
Турнирдин программасы:
1-июнь – Грек-рим күрөшү боюнча беттештер;
2-июнь – Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер;
3-июнь – Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештер;
4-июнь – Эркин күрөш боюнча беттештер.
Белгилей кетсек, турнирден тышкары, 10-18-июнда U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты да өтөт.