Испания, Ирландия, Нидерланды, Словения, Бельгия музыкалык сынакка катышпайт.
Европалык телерадиоуюмунун (EBU) Башкы ассамблеясында көптөгөн өлкөлөр Израилдин «Евровидение-2026» сынагына катышуусуна уруксат берилгенден кийин, конкурсту бойкоттоо жөнүндө жарыялашты.
EBU Швейцариянын Женева шаарында өткөн 95-Башкы ассамблеянын жыйынтыгына байланыштуу жазма билдирүү таратты.
Билдирүүдө ЕБУ мүчөлөрү добуш берүү системасына пландаштырылган өзгөртүүлөрдү колдогону, бул «ишенимди жана ачыктыкты бекемдөөгө» багытталганы айтылат. «Бул добуш берүү Евровидение-2026 сынагына катышууну каалаган жана жаңы эрежелерге макул болгон бардык EBU мүчөлөрү конкурска катышууга укуктуу экенин билдирет».
EBU мүчөлөрүнө 21-ноябрда жарыяланган жаңы чаралар жана коопсуздук талаптары канааттандырарлык же жок экенин жашыруун добуш берүү аркылуу аныктоо сунушталган, бирок кийинки жылдагы конкурска катышуу боюнча добуш берүүнү өткөрүү каралган эмес.
Мүчөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү катышуу боюнча кошумча добуш берүүнүн кереги жок экенин, конкурс мурда бекитилген план боюнча улантылышы керектигин билдиришти.
Добуш берүүгө чейин мүчөлөр Евровидение сынагына катышуу боюнча кеңири талкуу жүргүзүп, көптөр «Газа сыяктуу жаңжал аймактарында коомдук медианын көзкарандысыздыгын жана басма сөз эркиндигин коргоо маанилүү» экенин баса белгиледи.
Добуш берүүдөн кийин ЕБУ мүчөлөрүнө өз кишилеринин конкурска катышуусун расмий түрдө тастыктоо сунушталары айтылып, катышуучулардын толук тизмеси «Рождествого чейин» жарыяланары маалымдалды.
Ошол эле учурда EBU президенти Дельфин Эрнотт Кунчи «бул добуш берүүнүн жыйынтыгы биздин мүчөлөрдүн дүйнөдөгү эң ири музыкалык иш-чара болгон Евровидениеде ачыктыкты жана ишенимди сактоо боюнча биргелешкен позициясын көрсөтөт» деп билдирүү жасады.
Чечимден кийин көптөгөн өлкөлөр бойкот жарыялады
Испания
Сентябрда Испаниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы RTVE Газа секторундагы геноцидден жана Израилдин «конкурс эрежелерин системалуу түрдө бузушунан» улам, Израиль катышса Евровидениеден чыгарын жарыялаган.
Женевадагы жыйында Израилге катышууга уруксат берилгенден кийин, RTVE конкурстан расмий чыгарын билдирди.
RTVE президенти Хосе Пабло Лопес X социалдык тармагында:
«EBU Ассамблеясындагы окуялар Евровидениенин ыр сынагы эмес, геосаясий жана бөлүнгөн кызыкчылыктар үстөмдүк кылган фестиваль экенин көрсөттү» — деп жазды.
Бул чечимге ылайык, RTVE 2026-жылдын 16-майында Венада өтө турган финалды жана 12–14-майдагы жарым финалдарды да көрсөтпөйт.
Ирландия: Газадагы адам курмандыктары фонунда катышуу моралдык жактан мүмкүн эмес
Ирландиянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы RTE да, Израиль чыгарылбаса катышпай турганын сентябрда билдирген. EBU чечиминен кийин RTE конкурстан расмий баш тартты.
RTE билдирүүсү:
«EBUнун Израилдин катышуусуна уруксат берүү чечиминен кийин биздин позиция өзгөргөн жок. RTE Евровидение-2026 сынагына катышпайт жана аны көрсөтпөйт».
RTE Газадагы адам өлүмдөрүн, гуманитардык кризисти баса белгилеп, мындай шартта катышуу «моралдык жактан кабыл алынгыс» экенин билдирди. Ошондой эле журналисттердин өлтүрүлүшү жана аймакка эл аралык журналисттерди киргизбөө боюнча терең тынчсыздануусун билдирген.
Нидерланды: «Газадагы адамдарга жасалган кордук биз жактаган баалуулуктарга каршы келет»
Нидерландиянын коомдук телерадиокомпаниясы AVROTROS да Евровидение-2026га катышуудан баш тартты.
Билдирүүдө:
«12-сентябрда AVROTROS Газадагы адамдарга жасалган азап, басма сөз эркиндигинин чектелиши жана Евровидение айланасындагы саясий кийлигишүүлөр биздин баалуулуктарга туура келбесин айткан. Израилдин KAN телерадиокомпаниясынын быйылкы катышуусу биздин коомдук милдеттерибизге каршы келет» — деп жазылган.
Словения: Израилдин чыгышы саясий мүнөздө болгон
Словениянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы да Израилдин катышуусуна уруксат берилгенине байланыштуу конкурстан чыгарын билдирди.
Компаниянын башкармалыгынын төрайымы Наталья Горскак:
-
EBU Россияны чыгарганын, бирок Израиль боюнча ушундай чечимге барбай жатканын,
-
Газада 200дөн ашуун журналист өлтүрүлгөнүн,
-
Аймакка журналисттер дагы эле кире албай жатканын эске салды.
Горскак:
«Өткөн жылы Израилдин сахнадагы чыгышы саясий болгонун көрдүк. Биз Евровидениеден саясатты алыстатууга аракет кылып жатабыз. Биздин билдирүүбүз так: Израиль катышса, биз катышпайбыз — Газада өлтүрүлгөн 20 миңден ашуун бала үчүн» — деди.
Бельгия: «EBU тынчтык, адам укуктары жана боорукерлик маселесинде так позиция көрсөтүшү керек»
Фламанд тилдүү VRT телеканалы 2026-жылы конкурска катышпай турганын билдирди.
VRT билдирүүсүндө телекомпания «EBU ичинде тынчтыкты, адам укуктарын жана боорукерликти коргоого мындан ары да умтуларын» белгилеп, Евровидениеге катышуу келечекте EBU бул маселелерди кантип чечерине жараша болорун кошумчалады.
Ошол эле учурда VRT конкурсту көрсөтө берерин, анткени EBU мүчөсү экенин билдирди.
Бельгия толук бойдон катышпайт дегенди билдирбейт:
Өлкөдө Евровидениеге катышуучу тандоо укугу кезектешип VRT жана франкотилдүү RTBF каналына берилет. Быйыл RTBF жооптуу болуп, чечимин жакынкы күндөрү жарыялай турганын билдирди.


















