Крим төбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин анын тарапташтары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Кыргызстандын мыйзамына баш ийип жашары тууралуу билдирүүлөрдү чыгарууда.
Бүгүн, Камчы Көлбаевдин эң жакын адамы, жан сакчысы, аны кайтаруучуларынын башчысы Улан Барчакеев (“Узун Улан” деген каймана аты менен таанылган) да кайрылуу жасап, Кыргызстандын мыйзамын сыйлоого убада берип , кылмыш дүйнөсүнөн кетээрин айтып коомчулукка видео кайрылуу жасаган. Улан Барчакеев учурда Москвадагы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу сөз болууда. Ал ошол оорукананын палатасынан кайрылуу жасаган.
Эскерте кетсек, буга чейин да Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин анын кылмыштуу тобунун мүчөсү “Сакал” деген каймана аты бар жаран “Аллах үчүн, кылмыштуу дүйнөдөн кетем” деп коомчулукка кайрылган. Ал эми кечээ кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү “Дженго” деген каймана аты бар жаран Кыргызстандын мыйзамына баш ийип жашай турганын кабарлаган эле.