Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

  • Батыш Азия, ТОП жаңылыктар
  • 17.11.2023 15:39

Loading

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда “Палестина үчүн бир жүрөк” деген темада саммит өткөрдү. Ага мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү катышканын Anadolu агенттиги жазды.

Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышкандардын арасында Өзбекстан, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Палестина, Бразилиянын биринчи айымдары Зироатхон Мирзиёева, Ребекка Султана, Сабина Комсич, Амина Аббас, Розанжела да Силва жана Малайзиянын ханышасы Тунку Азиза, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Пакистандын премьер-министринин жубайы Садия Рахматулла жана башкалар бар.

Долмабахче кеңсесинде өткөн саммитти Эмине Эрдоган ачты. Ал Газадагы көп сандаган балдардын өлтүрүлүшүнө Израилди айыптап, ок атууну токтотууга чакырды.

Тема боюнча

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026

Анын айтымында, бүткүл дүйнөнүн биринчи айымдары биригип, Палестинада тынчтык орнотууну «бир үн менен, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп» талап кылышы керек.

Эмине Эрдоган Израилдин аскерий операциясынан улам толугу менен талкаланган Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү үчүн фонд түзүүнү сунуштады.

«Палестинага тынчтык орнотуу демилгесин көтөрөлү. БУУнун, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана башка түзүмдөрдүн катышуусунда Газаны реконструкциялоо фондун түзүү зарыл», – деди ал.

Түрк президентинин жубайы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилдин Газаны басып алуусун токтотуу маселесин тез арада чечүүгө чакырды.

«Газанын мыйзамсыз басып алуусу токтоосуз токтотулуп, басып алынган жерлер палестиналыктарга кайтарылышы керек. Күнөөсүз аялдар менен балдарды кайдан чыкканына карап баалагандарга каршы бекем турабыз»,-деди Эрдоган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхан Мирзиёева Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырды.

“Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна жана кысымына карабай, трагедия жана кыйроолор болуп көрбөгөндөй масштабда кеңейүүдө”, – деди ал.

Өзбек биринчи айымы өзбек эли палестин эли менен тилектеш экенин айтып, гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө, жаңжалды «эки элге эки мамлекет» деген принциптин негизинде дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Ал Газадагы бир айдан ашык убакыттан бери уланып, миңдеген курмандыктарга алып келген коркунучтуу окуяларды, айрыкча балдар, аялдар жана кары-картаңдарды арасындагы жоготууларды эч кандай актоого болбой турганын белгиледи.

Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед Израиль эл аралык укуктун бардык нормаларын тоготпой, Газа тилкесине чабуулун улантып жатканын билдирип, согуштук аракеттерди дароо токтотууга чакырды.

«Газада эл аралык гуманитардык мыйзам бузулуп, адамдар аёосуз өлтүрүлүп, үйлөрү талкаланууда», – деди ал.

Шотландиянын биринчи министри Хамза Юсефтин жубайы Надя Эль-Накла: “Күчтүү адамдар дипломатиянын тилин талкуулап жатканда, балдар өлүп жатат, бизге сөз эмес, иш-аракет жана ок атууну токтотуу керек” деди.

“Бүгүн биздин бул жерге келгенибиздин бирден-бир себеби – бейкүнөө эркектердин, аялдардын жана балдардын өлүмүнө жол бербөө”, – деди Надя Эль-Накла.

Эль-Накла ата-энеси Палестинадан экенин белгиледи. «Мен жана менин үй-бүлөм, ошондой эле Газа тилкесинде жашаган 2,2 миллион адам 17 жылдан бери курчоодо; тамак-аш, суу, электр энергиясы, күйүүчү майдын баарын чет элдик күчтөр тарабынан көзөмөлдөнүп, чектелүүдө», – деди ал.

Ал эми Пакистандын премьер-министринин жубайы Садия Рахметулла Газа үчүн гуманитардык коридор түзүү зарылдыгын белгиледи.

Түркмөнстандан келген дипломат Чынар Рустамова да форумдун катышуучулары Палестина элине, бейкүнөө балдарга жана алардын энелерине колдоо көрсөтүү жана алардын үнүн бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн чогулганын айтты.

Бразилиянын биринчи айымы Розанжела да Силва Газада ок атышууну дароо токтотууга жана анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачууга чакырды.

Ал XXI кылымда эл аралык коомчулук жарандардын коопсуздугун камсыздай албай жатканын кабыл алынгыс деп атады. Бразилиянын биринчи айымы “диалог куралдан үстөм болушу керек” экенин айтып, согуштун жана өзүн-өзү коргоо укугунун эрежелери жана чектөөлөрү бар экенин белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында Газа тилкеси боюнча биринчи айымдардын саммитинин катышуучулары  ак ниет Декларациясын кабыл алышты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: биринчи айымПалестинаЭмине Эрдоган
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Барак Обама: Израиль палестиналыктар өз жеринен кетпей турганын кабыл алышы керек

Барак Обама: Израиль палестиналыктар өз жеринен кетпей турганын кабыл алышы керек

16.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

01.10.2026
Россиянын ТИМи: Израилдеги шайлоо алдындагы күрөш провокациялык билдирүүлөрдү актабайт

Россиянын ТИМи: Израилдеги шайлоо алдындагы күрөш провокациялык билдирүүлөрдү актабайт

11.09.2026
Америкалык конгрессмен Израилдин Батыш жээктеги мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү планына каршы чыкты

Америкалык конгрессмен Израилдин Батыш жээктеги мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү планына каршы чыкты

26.08.2026
ХАМАС Палестина парламентине шайлоого катышууга даяр экенин билдирди

ХАМАС Палестина парламентине шайлоого катышууга даяр экенин билдирди

13.08.2026
ХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

ХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

21.07.2026
Махмуд Аббас Палестинага араб каржылык колдоо системасын активдештирүү чакырыгын кайталады

Махмуд Аббас Палестинага араб каржылык колдоо системасын активдештирүү чакырыгын кайталады

17.07.2026
АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

09.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.