Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган АКШ президентинин жубайы Меланья Трампка кайрылып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну 18 миңден ашуун жашы жете элек өспүрүм каза болгон Газа секторундагы аскердик операцияны токтотууга чакырууну өтүндү.
Бул тууралуу Түркия лидери администрациясынын коммуникация башкармалыгы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Эмине Эрдоган катында алты жыл мурун Меланья менен сүйлөшкөнүн эске салып, анын моралдык сезимталдыгын жогору баалаганын айтты. Бул сапат жакында Трамптын жубайы Россия президенти Владимир Путинге жолдогон катынан дагы байкалганы белгиленди.
Буга чейин АКШнын биринчи айымы Мелания Трампт Россиянын президенти Владимир Путинге кат жазганын, аны Путинге АКШнын президенти Дональд Трамп 15-августта Аляскадагы жолугушууда тапшырганы маалым болгон. Катта ал Путинди балдарды коргоого чакырган.
Эрдогандын жубайынын айтымында, БУУнун маалыматы боюнча Газа секторунда ар 45 мүнөт сайын бир бала көз жумууда, бул аймак “балдар көрүстөнүнө” айланды.
“Күлкүдөн ажырагандар украиналык балдар гана эмес. Палестиналык балдар да кубанычка, эркиндикке, татыктуу келечекке акылуу. Сиз Израил премьер-министри Нетаньяхуга кат жазып, Газадагы гуманитардык катастрофаны токтотууга чечкиндүү чакырык таштасаңыз өтө маанилүү болмок. Бүгүн дүйнө ойгонуп жаткан, Палестинаны таануу каалоосу глобалдык деңгээлге жеткен күндөрдө сиздин Газа атынан жасаган чакырыгыңыз палестин элинин алдында тарыхый жоопкерчиликти аткаруу болмок,” — деп айтылат каттын текстинде.
Эмине Эрдоган Газада курман болгон 18 миң 885 наристе жана балдар үчүн убакыт жоголгонун, бирок аман калган бир миллиондон ашык баланы сактап калууга дагы эле мүмкүнчүлүк бар экенин, учур келгенин белгиледи.




















