Түркия өзүнүн ракетасын космоско учурууну пландап жатканын өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.
«Кудай кааласа, алдыдагы жылдарда бул программалардын алкагында даярдалган астронавттар менен космоско өзүбүздүн ракетабызды жөнөтөбүз»,- деди Эрдоган өлкөнүн түндүк батышындагы Эскишехирде жаштарга кайрылып жатып.
Мындан тышкары, түрк лидери Түркия өзүнүн космостук кемесин чыгарууну пландап жатканын кошумчалады.
“Биринчи космонавтыбызды космоско жөнөтүү биздин жаңы муунду даярдоодогу биринчи кадамыбыз болду. Ракетабызды космосто көрөбүз деп үмүттөнөм. Кудай кааласа, жакынкы жылдарда өзүбүздүн космос кемелерибизди чыгара баштайбыз”,-деди Эрдоган.
Январь айынынын орто ченинде Түркия өзүнүн биринчи астронавты Алпер Гезеравжинин Эл аралык космос станциясына жөнөткөн. Ал ушул жуманын аягында Жерге кайтып келет деп күтүлүүдө.
Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт.
Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар.
Crew Dragon космос кемеси Falcon 9 ракета алып жүрүүчүнүн жардамы менен Флоридадагы НАСАнын Кеннеди атындагы космостук борборунан 19-январь күнү Москва убактысы боюнча саат 00:49да учурулган.



















