Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өткөн жумада башталган Күрдистан Эмгекчи партиясынын (КЭП) курал тапшыруу процессин бүтүндөй улуттун жеңиши катары сунуштап жатат.
Түркия бийлиги дээрлик 50 жыл бою куралдуу күрөш жүргүзүп келген КЭПнын таркатылышы боюнча маанилүү этап башталды. 11-июлда Ирактын Сулеймания шаарында партия мүчөлөрү алгачкы ирет куралдарын тапшырды. Ал эми 14-июлда, уюмдун толук куралсыздануу мөөнөтү белгилүү болду – бул сентябрга чейин аяктайт. Процессти Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MIT) көзөмөлдөйт.
Yeni Şafak гезитинин маалыматына ылайык, КЭП жоочуларынын курал тапшыруу этабы маалымат каражаттарында чагылдырылбайт. Курал атайын белгиленген жерлерде – Ирактын түндүк аймактарында өткөрүлүп берилет. КЭП жетекчилигине Түркия менен чектеш Ирак жана Сирия аймактарында жүрүүгө тыюу салынат. Алар үчүнчү өлкөлөргө кете алышат, бирок көп сандап бир жерде жайгашууга уруксат берилбейт.
Бул тарыхый жараян Түркияда, Иракта жана Сирияда 2024-жылдын аягында башталган. Октябрда Түркиядагы бийликтеги Адилет жана Өнүгүү партиясынын (AжӨ) өнөктөшү – Улуттук кыймыл партиясынын (УКП) лидери Девлет Бахчели, 1999-жылдан бери түрмөдө отурган КЭП лидери Абдулла Ожаланга кайрылып, өз уюмун таратууну жана Түркия парламентинин алдында билдирүү жасоону талап кылган.
Ошондон кийин түрк бийлиги менен күрддөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталган. Ортомчу катары мыйзамдуу күрд партиясы – Демократия жана Биримдик партиясынын (ДБП) өкүлдөрү катышкан. Алар президент Эрдоган, AKP өкүлдөрү жана Ожалан менен жолугушкан. Өзгөчө мааниге ээ болгон 24-октябрдагы жолугушууда DEM депутаты, Ожаландын жээни Рихи Омер КЭП лидери менен сүйлөшкөн. Андан кийинки жолугушууда Ожалан Эрдоган жана Бахчели сунуштаган жаңы парадигмага оң баа берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
2025-жылдын февралында Ожалан ачык түрдө КЭП мүчөлөрүн курал таштоого чакырган. Бул чакырыктан кийин уюмдун эркиндиктеги мүчөлөрү чогулуп, Ожаландын сөзүн колдоп, КЭПти таратуу чечимин кабыл алышкан. Май айындагы курултайда КЭП Түркия менен болгон жарым кылымдык согуштун аяктаганын жарыялаган.
Эрдоган бул жараянды “Түркиянын бүт элинин жеңиши” деп сыпаттап жатат:
“Түркия жеңди, менин улутум жеңди. Биздин 86 миллион жараныбыз – түрк, күрд жана араб жеңди”, – деди Эрдоган 12-июлда сүйлөгөн сөзүндө.
Ал сөзүндө этностордун ортосундагы каршылыктардан өлкөнүн өзүнүн эле жапа чегерин баса белгиледи:
“Түрктөр, күрдөр жана арабдар бири-биринен алыстаганда, бул жеңилүү болот”.
Ошол эле учурда ал Түркиянын аймактык бүтүндүгү бузулбай турганын, федерализация же күрддөргө автономия берилбей турганын дагы бир жолу кайталады. “Террор дубалы кулап жатат”, – деди ал.
Бул жараян Түркия үчүн тарыхый мааниге ээ. Эрдоган жана анын мураскерлери үчүн КЭП менен күрөш жана “Түрк Курдистанынын” жаралуу коркунучу эң оор маселелердин бири болгон. КЭП уюштурган теракттарда Анкара менен Стамбулда миңдеген аскер жана жарандар курман болгон. Минималдуу эсеп боюнча 40 миң киши каза болгон, кээ бир булактар бул сан жүз миңге чейин жетерин жазышууда.
КЭП Түркияга гана эмес, башка өлкөлөрдө да баш оору жараткан. 2003-жылы АКШ Иракты басып алган соң жана 2011-жылы Сириядагы жарандык согуш башталгандан бери, КЭП Ирак менен Сирияда күч алып, бул аймактардан Түркияга коркунуч жаратып турган.
Эксперттердин азыркы негизги суроосу мындай болууда: Эмне үчүн КЭП багынды? Чынында эле карыган (76 жаштагы) Ожалан саясаттан тажап калдыбы? Бирок жооп реалдуу саясатта жана күчтөрдүн тең салмактуулугунда жатат.
Эрдогандын доорунда Түркиянын армиясы бир топ күчөдү. 2018–2019-жылдары Түркия Сириядагы КЭПтин филиалы – YPGге сокку урган. 2024-жылы Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулап, өлкөдө жаңы өкмөт түзүлгөн. Мындан кийин күрддөр оппозиция менен Асаддын ортосундагы тирешти колдонуу мүмкүнчүлүгүн жоготушту.
Андан сырткары, Дональд Трамптын кайрадан президент болушу Түркия–АКШ мамилелерин жакшыртты. Трамп Сириядан аскерлерин чыгарууну колдойт жана Эрдоган менен мамилеси жакшы Бул Түркияга Сирияда күчтүү позиция түзүүгө мүмкүндүк берип, КЭПтин колундагы “карталар” алсырады.
Акыркы эки жылда Эрдоган Ирак менен да тыгыз кызматташтыкты баштады. Ал Багдадга, ал эми Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа Ас-Судани Анкарага мамлекеттик визит менен барышты. Эки өлкө “Өнүгүү жолу” долбоорун ишке ашырып жатышат, ал Стамбулду Перс булуңу менен байланыштырмакчы.
Эгерде сентябрда Эрдоган КЭПти толук куралсыздандыруу менен аяктаса, ал өз ысымын Түркия тарыхына алтын тамгалар менен жазат. Каршы тарап – Элдик-республикалык партия (CHP) да ичинен ага ыраазы болот, анткени өлкө көп жылдык коркунучтан арылууда.
Жеке өзү үчүн да Эрдоган муну менен ички саясий жеңишке жетишүүдө. Ички кризис, оппозиция менен тиреш жана лиранын туруксуздугу мезгилинде КЭП борбордук бийликти алсыратчу. Эми болсо Эрдоган тышкы саясатта дагы “өз максатына жеткен күчтүү лидер” катары позициясын бекемдейт.











