«Крокус сити холлдогу» теракт Тажикстандын аброюна олуттуу сокку болуп калды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде сүйлөшүү учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.
«Тажиктер – бул тарыхы, мданияты жана цивилизациясы бар байыркы эл. Болуп өткөн окуя албетте, биз үчүн такыр кабыл алынгыс. Бул биздин улуттун аброюна, тарыхына, маданиятына, салттарына олуттуу сокку урган көрүнүш болду», – деди ал.
Эмомали Рахмон ошондой эле террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүдөгү кош стандартка каршы пикирин билдирди. Ал террорчулуктун улуту жана дини болбой тургандыгын баса белгиледи.
Тажикстандын президенти террорчулук менен «баардык жерде жана дайыма» биргелешип күрөшүү керек экендигин кошумчалап, республиканын бийлиги бул маселе боюнча Россия менен мындан ары да тыгыз иштеше тургандыгын айтты.
«Тажикстандын эли теракты айыптады. Мындай учурду биз өзүбүз башыбыздан өткөрүп, азыр да, 30 жылдан ашык мезгилден бери экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүп келебиз жана бул эмне экендигин сөз жүзүндө гана эмес, жон терибиз менен да туюп, сезебиз. Тажикстан кайда жайгашкандыгын билесиз да, ошондуктан бул глобалдуу көйгөй.
…Мен албетте, душмандарыбыз бизди уруштуруп, ар кандай ыкмалар, жолдор менен бөлүп-жарууну көздөйт деп ойлоймун. Бирок мен биздин позициябыз ачык деп ойлоймун: Россия Тажикстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана союздаш болуп саналып, өз өлкөсүнүн сыртында бир гана Тажикстанда эң чоң аскердик базасы бар. Көп жылдардан бери биз өз позициябызды өзгөрткөн жокпуз жана өзгөрткүбүз келбейт. Андыктан биз дагы улантып, дагы иштеп, биз глобалдык чакырыктар менен глобалдык коркунучтарга биргеликте күрөшүүбүз керек», – деди Рахмон.
Республика жетекчиси жолугушууда мындан тышкары эмгек миграциясы көйгөйүн да эске салды.
«Албетте, мен бүгүн Сиз менен айрым маселелерди, айрыкча биздин эмгек мигранттарыбызга байланыштуу жагдайды талкуулагым келет. Бул биз үчүн өтө кылдат жана эң негизги маселелердин бири…», – деди Эмомали Рахмон.
Владимир Путин өз кезегинде Эмомали Рахмонго Москвага келгендиги жана теракт учурунда көңүл айткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Сизге көңүл айткан сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдирем – Сиз бул тууралуу – Москвадагы терактка байланыштуу көңүл айткандардын алгачкыларынын бири болдуңуз. Биздин атайын кызматтар жалпы коркунучту ооздуктоо үчүн жигердүү иштешүүдө, себеби террорчулук баардык өлкөлөргө: Россияга да, Тажикстанга да коркунуч жаратат».
Путин Россия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин белгиледи.
«Биз товар жүгүртүүнүн деңгээли боюнча биринчи орунду ээлейбиз. Болгондо да биздин кызматташтыгыбыз көптөгөн багыттар боюнча улам жигердүү өнүгүүдө. Бул кубандырбай койбойт», – деп белгиледи Россиянын мамлекет башчысы.
Москва облусунун Красногорск шаарындагы «Крокус сити холлдогу» теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында болгон. Куралчан адамдар «Пикник» тобунун концерти башталар алдында ок атышып, андан кийин имаратка өрт коюшкан. Бул терактын кесепетинен 145 адам каза болуп, 550дөн ашыгы жабыркаган. Кылмыш ишинин алкагында 12 шектүү кармалган, алардын көпчүлүгү – Тажикстандын жарандары.
8-майда РФнын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин кол салууну иликтөө улантылып жаткандыгын билдирди. Мурда Россиянын ФКК (ФСБ) директору Александр Бортников терактын уюштуруучусу чет өлкөдө экендигин маалымдаган.
Терак үчүн жоопкерчиликти Афганистандагы «Ислам мамлекетинин» бөлүмү өзүнө алып, бирок россиялык бийлик бул кол салууга Украинаны айыптоодо. Анткени аткаруучулар ошол учурда бул өлкөнүн аймагына качышып, убада кылынган акчаны алууну көздөшкөн. Киев мындай айыптоону четке кагып келет. АКШ жана ЕБ да окуяга Украинанын катыштыгын жокко чыгарууда.

















