Бүгүн, 22-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Италия жана Ватиканга расмий иш сапар менен жөнөп кетти.
Мамлекет башчынын пресс-кызматынын маалыматы боюнча, аны чет элдик байланыштар маселеси боюнча жардамчысы, тышкы иштер, ички иштер, өнөржай жана инновациялык технологиялар, айыл чарба, энергетика, транспорт, маданият министрлери, Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы, Баңги затын көзөмөлдөө агенттигинин директору жана башкалар коштоп барышат.
Иш сапардын алкагында Тажикстан жана Италиянын экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташуусу, италиялык компанияларды Тажикстанга тартуу, аймактык иш чараларды өткөрүү жана транспорттук коридорду өнүктүрүү жагдайлары талкууланышы күтүлүүдө.
Ошондой эле Тажикстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн италиялык компанияларга сунуштоого жардам берген «Тажикстан – Италия» инвестициялык форумун өткөрүү пландаштырылууда.



















