Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Йеменде акыркы суткада кырдаал курчуду

  • Батыш Азия, Дүйнө
  • 13.08.2026 18:26

Loading

Йеменде акыркы 24 саатта бир катар аскердик окуялар катталды. Мариб жана Хадрамаут провинцияларында кагылышуулар күчөп, Саудиянын аскер кызматкерлери каза болгону кабарланды. Ошондой эле Кызыл деңиздеги мунай ташуу каттамдарында үзгүлтүктөр жаралып, айрым танкерлер маршруттарын өзгөрткөн. Бул тууралуу Иран ЖМКлары маалымдашты.

Мариб провинциясынын түндүк-чыгышындагы Ар-Рувейк чөлүндө Саудиянын аскер кызматкерлерин ташып бараткан унаанын жолунда колго жасалган жардыргыч зат жарылган. Анын кесепетинен Саудиянын эки жогорку даражалуу аскери — Ракан Абдулла аш-Шехри жана Абдулла Мусаид ат-Талхи каза болгону айтылды.

Санадагы расмий булактар бул чабуул үчүн азырынча жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Ошол эле учурда айрым булактар кол салуунун артында Санага караштуу чалгын түзүмдөрү, Саудияга каршы Марибдеги уруулар же Түштүк өткөөл кеңешине (STC) байланышкан күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Тема боюнча

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026

Мындан тышкары, Баб-эль-Мандеб кысыгында «Тахама» кемесине жасалган чабуулдан каза болгондордун саны алты адамга жеткени маалымдалды. Алардын арасында үч пакистандык жана бир индонезиялык чет өлкөлүк кызматкер, ошондой эле коалициянын эки куткаруу кызматкери бар.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Кызыл деңиздеги Янбу портунан чийки мунай ташыган Саудиянын айрым танкерлери Сана жарыялаган чектөөлөрдөн улам байланыш сигналдарын өчүрүп, маршруттарын өзгөртүшкөн. Алар Африканы айланып өтүп, Суэц каналы аркылуу өтүүчү жолду колдонуп жатканы айтылууда. Мындан тышкары, 12ден ашык бош мунай танкери багытын өзгөртүп, Омандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын портторун көздөй жөнөгөн.

Kpler институтунун маалыматтары боюнча, акыркы күндөрү Ормуз жана Баб-эль-Мандеб кысыктары аркылуу күн сайын өтүүчү кемелердин саны 12–14кө чейин азайган.

Ошол эле учурда Мариб провинциясындагы коалициялык күчтөр “Ансаруллах” кыймылына таандык була-оптикалык байланыш аркылуу башкарылган FPV дронун кармап, зыянсыздандырганын билдиришти.

Аскердик көз караштан алганда, була-оптикалык башкаруу электрондук күрөш системаларынын жана байланыш сигналдарын басаңдатуучу жабдуулардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Йемендеги ачык жана түздүктүү аймактарда мындай дрондор аскердик техника жана позициялар үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн.

Кургактагы салгылашуулар да уланууда. Санага караштуу күчтөр Аль-Моха шаарын жана портун көздөй эки ракета учурганы кабарланды.

Коалициялык күчтөр акыркы чабуулдарда тогуз аскер кызматкери каза болгонун билдирди. Алардын арасында Улуттук каршылык күчтөрүнүн жогорку даражалуу командирлеринин бири, полковник Яхья Мухаммад Мохсен аль-Кади да бар.

Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, Сана Ад-Дали жана Лахж провинцияларынын чек араларындагы фронтторго кошумча күчтөрдү жана аскердик техниканы жөнөткөн.

Ошол эле учурда коалициялык күчтөр Мариб жана Хаджа провинцияларындагы Санага караштуу позицияларды артиллериядан аткылаганы кабарланды.

Хадрамаут провинциясынын борбору Аль-Мукалла шаарындагы Аль-Райян эл аралык аэропортунда да жардыруу болгону айтылды. Аэропорт учурда коалициянын көзөмөлүндө турат.

Оман Сана менен Эр-Рияддын ортосунда ортомчулук кылып, чыңалууну азайтуу аракетин көрүп жатат. Бирок азыркы шартта сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушу күмөндүү деп бааланууда.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ансар АллахЙеменСауд Аравия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

27.10.2026
ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

26.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

24.10.2026
АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

22.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.