Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эксперт: Пакистандагы “жумшак төңкөрүштүн” артында Вашингтон турат

  • Аналитика, Батыш Азия, Саясат
  • 02.12.2025 13:57

Loading

Азыркы кырдаалда Вашингтон Пакистанда бийликке аскерлердин келишин артык көрөт, анткени алардын катышуусу менен АКШга Ирандын айланасындагы кырдаалды өз ара аракеттенүү жана көзөмөлдөөсүнө, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды башкаруусуна оңой болот.

Мындай пикирин Ирандын Ооганстандагы мурдагы кеңешчиси Абдулмухаммад Тахири ирандык ILNA агенттигине берген маегинде билдирди.

Тахири Пакистандагы кээ бир аскерий чөйрөлөр тарабынан “жумшак төңкөрүш жасоо” ыктымалдыгы боюнча үч негизги көз караш бар экенине токтолду.

Тема боюнча

«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

26.11.2026

Биринчи көз караш: Пакистанда мындай 50 жыл мурун аскердик башкаруу мезгилинде өтө олуттуу айыптоолор коюлуп, көшөгө артындагы жашыруун күчтөр режимдин кулашын колдогон учурларды кошпогондо, эч бир жарандык күч аны кулата алган эмес. Армия ар дайым негизги аныктоочу фактор болуп келген жана анын таасиринен тышкары кандайдыр бир бийликтин пайда болушуна жол берген эмес. Чындыгында, Пакистандын ведомстволор аралык чалгындоо кызматы (ISI) да, Пакистан армиясы да мамлекеттин үстүнөн аскерий башкарууну каалашкан жана бул модель көп жылдан  бери кайталанып келет.

Экинчи көз караш: Экинчи көз караш Пакистандагы окуялар менен Египеттеги окуялардын ортосундагы олуттуу окшоштуктарды баса белгилейт. Тарыхый мисал, «Мусулман агайындар» кыймылы Египетте бийликке биринчи жолу аракет кылып, андан кийинки окуялар бул процесс стабилдүүлүккө алып келбегенин көрсөттү. Акыры, ачык-айкын, бирок жумшак төңкөрүштө Египеттин азыркы президенти (Абдель Фаттах ал-Сиси) аскердик формасын чечип, президент болду. Ушундай эле белгилер азыр Пакистанда да байкалууда: бийликте же салафиттик исламчылар, же аскерлер болгон, жарандык коом өтө жай жана чектелген түрдө гана пайда боло алган. Атүгүл айрым жарандык ишмерлер бийликке келгенде (мисалы, Беназир Бхуттонун үй-бүлөсү) алардын саясий өмүрү өтө кыска болгон: үй-бүлөнүн бардык көрүнүктүү мүчөлөрү дээрлик жок кылынган же өлтүрүлгөн, азхыр Беназир Бхуттонун эжеси гана тирүү калган ал да азыр карып калган.

Үчүнчү көз караш: Бирок, учурда эң күчтүү болуп көрүнгөн үчүнчү көз карашта АКШнын ролуна басым жасалат. Бул анализдин көз карашынан алганда, азыркы кырдаалда Вашингтон Пакистанда бийликке аскерлердин келишин артык көрөт, анткени алардын катышуусу менен АКШга Ирандын айланасындагы кырдаалды өз ара аракеттенүү жана көзөмөлдөөсүнө, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды башкаруусуна оңой болот.

Саясий серепчи тактагандай, бул анализ бир нече фактыларга негизделген. Пакистандын калкы көп, армиясы күчтүү, геосаясий жактан маанилүү жайгашкан өлкө, мунун баары Вашингтон үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан, “жумшак төңкөрүш” тууралуу акыркы маалыматтар так болсо, АКШ четте калаары күмөн. АКШнын азыркы администрациясы жана Дональд Трамптын өзү ушул көз карашка таянып, Вашингтон менен Каирдин ортосундагы мамилелер узак жылдардан кийин кайра жакындай баштагандай,  Исламабаддын аскерий күчтөрү менен кызматташууга өзгөчө ынтызар. Ушул себептен Пакистанда аскерлердин бийликке кайтып келиши күтүүсүз эместей көрүнөт.

Үчүнчү көз карашты кабыл алсак, Кошмо Штаттары Ооганстан, Иран жана Батыш Азиядагы регионалдык саясатын алдыга жылдыруу үчүн Пакистан армиясы менен иштешүүнү артык көрөрү айкын болот, анткени мындай кызматташтык Вашингтондун максаттарына, анын ичинде Баграм авиабазасына жана анын Ооганстандагы чалгындоо жагынан катышууга жетишүүдө натыйжалуураак.

Бул сүйлөшүүлөрдүн учурдагы кризисти канчалык деңгээлде чече алаары Трамптын Пакистандагы күч түзүмүн өзгөртүүгө даярдыгынан көз каранды. Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, армия бийликке келген сайын АКШ алардын жеңишинде негизги ролду ойногон.

Бирок, эгер азыр “жумшак төңкөрүш” деп аталып жаткан нерсе чындап ишке ашып жатса, анын кесепети кандай болот деген маанилүү суроо жаралат? Кыска жооп: Пакистандагы кандайдыр бир чоң саясий өзгөрүүнүн ачык жана жашыруун кесепеттери бар. Тажрыйба көрсөткөндөй, Пакистандагы жашыруун кесепеттер өтө кыйратуучу, тез жана кээде көзөмөлгө алынгыс болушу мүмкүн.

Эксперт белгилегендей, Пакистандын коому өтө эмоционалдуу жана оңой эле провокацияга алдырат. Ага АКШда мындан бир нече жыл мурун Курандын өрттөлүшү белгилүү мисал. Бирок натыйжада Америкага каршы нааразылык эмес, Пакистандын өзүндө өкмөттүк имараттар өрттөлгөн. Бул маданий өзгөчөлүк ар кандай чоң өзгөрүүлөрдү, өзгөчө коопсуздукка же төңкөрүшкө байланыштуу өзгөрүүлөрдү “өтө жумшак ыктоо” менен гана ишке ашырууга болорун билдирет, антпесе, жашыруун кесепеттер аларды демилгелегендер үчүн да көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.

Эгер акыркы окуялардын артында Америка турса, бул жол Трамптын саясаты менен шайкеш келет. Демократтар жалпысынан мындай кийлигишүүгө анча жакын эмес, бирок Трамп өз максаттарын ишке ашыруу үчүн аймактагы аскерий жана авторитардык өнөктөштөр тармагын курууга умтулууда.

Бирок Пакистан Египетке же башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө караганда алда канча татаал. Пакистандыктар түздөн-түз аскерий кийлигишүүгө кескин жооп кайтарууда жана нааразылык акциялары тез арада жалпы улуттук кризиске айланып кетүү коркунучу бар. Египетте “Аль-Тахрир” аянтында бир нече ай бою митингге чыгып, армия демонстрацияларга минималдуу зордук-зомбулук менен жооп берген болсо, Пакистанда мындай сценарий дээрлик мүмкүн эмес, социалдык толкундоолор көз ирмемдердин ичинде бүтүндөй өлкөнү каптап кетиши мүмкүн.

Пакистандагы “жумшак төңкөрүш” концепциясы татаал, көп баскычтуу жана жай процессти билдирет, бул процесс аскер күчтөрүн коомдук тирешүүнүн түз сызыгына жайгаштырбоо менен бирге негизги оюнчуларга кесепеттерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Эксперт бул факторлордун баарын эске алып,  Пакистандагы акыркы айлардагы окуяларга байланыштуу эң күчтүү теория бул окуялардын тамыры Ак үйгө барып такалат жана Трамптын аймактагы стратегиясынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Башка белгилер да бул гипотезаны бекемдейт, анын ичинде Пакистандын тышкы иштер министринин Египетке болгон сапарында Трампты ачык мактап, аны Нобель Тынчтык сыйлыгына татыктуу деп атаган билдирүүлөрү. Мындай билдирүүлөр пакистандык саясатчылардын көшөгө артындагы окуялардан кабардар экендигинин жана Вашингтонду өзүнө тартуу аракетинин белгиси. Бул алар АКШ менен болгон мамилелердин жаңы дооруна даярданып жатышканын көрсөтүп турат жана ал бийлик структурасында аскерлердин ролунун жогорулашы менен коштолот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШДональд Трампжумшак төңкөрүшПакистан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.