Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейд жүрүп, жыйынтыгында 2 мечит жана 1 чиркөө убактылуу жабылды.
Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, текшерүүнү Ички иштер башкармалыгынын, УКМК, Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, “Бишкекбашкыархитектура” МИ, “Кадастр” БФ, ӨКМ, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү жүргүзгөн.
Райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалын текшерүү президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында жүргүзүлдү.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы 8 көрсөтмө жана жети протокол түзгөн. Ал эми райондук милиция 4 административдик протокол түзгөн.
Эске салсак, буга чейин дагы Бишкек, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында диний мекемелердин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынып, жыйынтыгында бир катар мечит жана медреселердин иши убактылуу токтотулуп, бир катар диний мекемелердин жетекчилерине тиешелүү талаптарды аткарбаганы үчүн эскертүү берилген.






















