Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Израилдин Рафахтагы операциясы. Газа гуманитардык катастрофанын босогосунда турат

  • Батыш Азия, ТОП жаңылыктар
  • 13.02.2024 16:16

Loading

11-февралдан 12-февралга караган түнү Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштады. Израилдин Коргонуу армиясынын авиасоккуларынан улам анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди. Израиль өткөн түнү Рафахта рейд жүргүзүп, анда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди.

Газа гуманитардык катастрофанын босогосунда турат

Израиль Газа тилкесинде кургактагы операциясын баштагандан кийин, аймактын тургундарынын дээрлик жарымы Рафахка качкан. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат.

Тема боюнча

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

15.06.2026

Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган. “Associated Press” белгилегендей, Израилдин Рафахка жасаган чабуулу Газада ансыз да катастрофалык чекке жеткен гуманитардык кырдаалды начарлатышы мүмкүн.

Өз кезегинде ХАМАС кыймылы Рафахка чабуул жасоо барымтадагыларды алмашуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө чекит коюшу мүмкүн деп билдирди.

Эл аралык реакция

Эл аралык коомчулук Израилге Газа тилкесинин калкынын жарымынан көбү топтолгон Рафахтагы операциянын кесепеттери тууралуу эскертүүдө.

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон Катар Израилдин Рафахка чабуул коюу планын сындаган. Доха БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израиль аскерлеринин шаарга кирүүсүнө жол бербөөгө чакырган. Ушундай эле билдирүүлөрдү БАЭ, Египет жана Кувейт дагы  жасашты.

  • Ирандын тышкы иштер министерствосу Насер Канани Израиль аскерлеринин Рафах шаарында кургактагы операциясы гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн экенин жана сионисттик режимдин кезектеги аскердик кылмышы болуп калышы мүмкүн экенин билдирди.

“Иран ондогон палестиналык жарандардын, анын ичинде балдардын өлүмүнө алып келген сионисттик режимдин армиясынын Рафахка жасаган аба соккусун кескин айыптайт”, – деди Канани.

  • Кытай бийлиги Израилди Газа тилкесинде Египет менен чектешкен Рафах шаарындагы аскерий операциясын токтотууга чакырарын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө, Кытай Рафах аймагындагы окуялардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп жатканы айтылат.

“Кытай Израилди аскердик операциясын мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга, бейкүнөө жарандардын курмандыктарын болтурбоо үчүн бардык аракеттерди жасоого жана Рафах аймагында дагы олуттуу гуманитардык кырсыктын алдын алууга чакырат”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында.

  • БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк дүйнө Израилдин Газанын түштүгүндөгү 1,5 миллиондой качкын кармалып турган Рафах аймагында аскердик операция жүргүзүүсүнө уруксат бербеши керек деди.

Ал Израиль Эл аралык сот тарабынан чыгарылган юридикалык жактан милдеттүү буйруктарды аткарууга жана эл аралык гуманитардык укуктун бардык эрежелерин сактоого тийиш экенин айтты.

  • Израилдин Палестинанын Рафах шаарындагы операциясы кезектеги гуманитардык катастрофага айланат жана ал жактагы абал бир миллион палестиналык үчүн ансыз да чыдагыс абалга жеткенин Иорданиянын падышасы Абдулла II Ак үйдө Американын президенти Жо Байден менен жолугушуудан кийин билдирди.

Анын айтымында, азыркы кырдаалда палестина-израилдик чыр-чатактын уланышына жол берип тарапта карап турууга болбойт.

“Бул согуш токтошу керек” деп баса белгиледи Абдулла II.

  • Египет израилдик аскерлер Газа тилкесиндеги Египет менен чектеш Рафах шаарына кирип келсе, Тель-Авив менен түзүлгөн тынчтык келишимин токтото турганын Аssociated Press билдирди.
  • АКШнын президенти Жо Байден Газанын калкынын дээрлик жарымы көчүп барып, баш калкалап турган Рафах шаарында бей күнөө миллондогон палестиналыктардын коопсуздугун камсыздоочу планы болбосо ал жакта операция жүргүзбөөгө чакырды.

  • Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин Рафах шаарына чабуулун “Батыштын эки жүздүүлүгүнүн” кесепети деп атады.
  • “Күн сайын Нетаньяху жана анын өкмөтү жаңы кызыл сызыктан өтүп жатышат. Алар Газанын түндүгүнөн күч менен чыгарылган 1,5 миллион газалык башпаанек алган Рафахка кол салышты. Бул кол салуулардын натыйжасында 100дөн ашуун газалык каза болду. Израилдин бул кылыгына батыш державаларынын эки жүздүү саясаты себеп. Сахнада сабырдуулукка чакырып коюп, Нетаньяху тарабынан жасалган кыргынга көз жумуп коюп отурушат. Тилекке каршы, ислам дүйнөсү кыргындардын алдын ала албай жатканын көрүп жатабыз “, – деди түрк лидери өкмөт жыйынынан кийин элге жасаган кайрылуусунда.
  • Дүйшөмбү күнү Иерусалимге барган Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте Израиль бийликтерин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында кургактан чабуул баштабоого чакырды.

“Биз Израилдин Рафахтагы масштабдуу чабуулуна абдан тынчсыздануудабыз. Биз гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн. Азыркы кырдаалда Рафахта кургактан масштабдуу чабуул баштабагыла”, – деди Рютте NOS телеканалынын эфиринде.

  • Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли Израилдин Рафах шаарындагы аскерий операциясы палестиналыктар жана бардык башпаанек издегендер үчүн кыйратуучу болот деди.

Израиль-палестина жаңжалы

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин соккулары башталгандан бери Газада каза болгондордун саны 28,4 миңден ашты, 68 миңден ашууну жараат алды.

Тараптар акыркы жолу ок атышпоону 24-ноябрда макулдашкан. 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында ХАМАС 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израиль болсо ондогон палестиндерди, абактан чыгарган, алардын көбү өспүрүмдөр.

Андан кийин да Израил бир же эки жумалык элдешүүн сунуштаган, бирок ХАМАС кыймылы аны четке кагып, ок атууну токтотууну талап кылган.

Январдын аягында Израил, АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү Парижде ХАМАС менен Газа тилкесиндеги барымтадагыларды акырындык менен бошотуу боюнча жаңы келишимдин негизинде макулдашкан. Израиль ХАМАСтын согушту токтотуу жана Газадан аскерлерин чыгарып кетүү талабын кабыл алынгыс деп эсептегендиктен, акыркы макулдашуулар жетише элек.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: катастрофаПалестина-Израиль жаңжалыРафахреакцияэл аралык коомчулук
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

09.07.2026
АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

15.06.2026
Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

15.05.2026
Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

13.05.2026
Ирандын ТИМ башчысы дүйнөнү «Согушка – жок!» өнөктүгүнө кошулууга чакырды

Ирандын ТИМ башчысы дүйнөнү «Согушка – жок!» өнөктүгүнө кошулууга чакырды

18.03.2026
БУУнун Азык-түлүк программасынын башчысы Газадагы абалды “катастрофалык” деп атады

БУУнун Азык-түлүк программасынын башчысы Газадагы абалды “катастрофалык” деп атады

25.08.2025
Улуу Британиянын бийлиги Палестина мамлекетин таанууга ниеттенүүдө

Улуу Британиянын бийлиги Палестина мамлекетин таанууга ниеттенүүдө

30.07.2025
ХАМАС: Рафахта геноцид жана этникалык тазалоо болуп жатат

ХАМАС: Рафахта геноцид жана этникалык тазалоо болуп жатат

11.04.2025
 «Аль-Кассам» бригадаларынын билдирүүсү: Израилдин оккупациясына каршылык көрсөтүү уланууда

 «Аль-Кассам» бригадаларынын билдирүүсү: Израилдин оккупациясына каршылык көрсөтүү уланууда

28.01.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.