Бул күндөрү Рафах шаарында болуп жаткан окуялар, анын ичинде үйлөрдүн жардырылышы, турак жайлардын жана инфраструктуранын кыйрашы Палестина элине каршы геноциддик согуштун кооптуу күчөшүнөн кабар берет.
Бул тууралуу палестиналык ХАМАС кыймылы билдиргенин ISNA агенттиги жазды.
ХАМАС күн мурун жасаган билдирүүсүндө Израиль режими согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды жасоо менен аскердик жеңишке жетүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
“Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун “Филадельфия коридору 2” деп аталган долбоорду түзүү жана Израил армиясынын Рафах шаарындагы иш аракеттери жана анын тургундарын күч менен көчүрүү жана Рафах шаарын Египет менен чек арадагы буфердик зонага кошуу боюнча иш-аракеттери жөнүндөгү билдирүүсүнүн максаты – Газа тилкесинин жашоочуларынын араб өлкөлөрү менен байланышын толугу менен үзүү аракети болуп саналат”, – деп айтылат билдирүүдө.
ХАМАС бул аракеттер этникалык тазалоонун жана геноциддин так саясатын чагылдырганын баса белгиледи.
Аталган кыймыл бул кылмыштарды токтотуу үчүн араб, ислам өлкөлөрү жана эл аралык коомчулукту тез арада чара көрүүгө чакырды.
Соңунда ХАМАС ислам өлкөлөрүнүн элдерин жана дүйнөнүн эркин адамдарын бул фашисттик баскынчылардын алдында унчукпай турбоого жана баскынчы режимдин Палестина элин көчүрүү жана анын улуттук ишин талкалоо пландарына бөгөт коюу үчүн нааразылык үндөрүн көтөрүүгө чакырды.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац жөөт аскерлери Газадагы операциясын кеңейтип, Израил армиясы тарабынан түзүлгөн “буфердик зоналарына” кошуп чоң аймактарды басып аларын билдирген.
Израиль 18-мартта Газага жаңы чабуулун баштап, ХАМАСты АКШнын ок атышпоону узартуу жана Газада дагы эле барымтадагы 59 кишини бошотуу боюнча жаңы сунушун четке какты деп айыптаган.
ХАМАС өз кезегинде Израилди январь айында жетишилген алгачкы келишимди бузду деп айыптаган.
Газадагы гуманитардык кырдаал соңку апталарда кескин начарлап кетти, Израиль 2-марттан бери тилкеге жардам киргиздирбей жатат, бул согуш башталгандан берки эң узак блокада.
Буга чейин Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Авичай Адраи X баракчасында араб тилинде газалыктарды тилкенин түштүк аймактарын таштап, мурда гуманитардык аймак деп жарыяланган жээктеги Аль-Маваси аймагындагы коопсуз аймакка көчүүгө чакырган. Ошол эле маалда палестиналыктарды эвакуациялоо эскертүүсү анклавдын чыгыш жана батыш бөлүктөрүнө жайылган. Бул эки айлык элдешүүдөн кийин 18-мартта ХАМАСка каршы согуш кайра жандангандан берки “эң кеңири эвакуация буйругу” болгонун бир катар ЖМКлар жазышты.



















