Израилдин президенти Ицхак Герцог АКШ президенти Дональд Трамптын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга ырайым берүү тууралуу сунушун карап жатканын, бирок азырынча бул маселе боюнча чечим кабыл ала электигин билдирди.
Президенттик канцелярия тараткан билдирүүдө: «Израилдин президенти өтүнүчтү мыйзамга ылайык жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, өз абийиринин негизинде, кандайдыр бир тышкы же ички басымсыз карап чыгат. Трамптын билдирүүлөрү жараткан таасирге карабастан, Герцог бул маселе боюнча азырынча эч кандай чечим кабыл ала элек», — деп айтылат. Ошондой эле «Израиль — суверендүү укуктук мамлекет» экени белгиленген.
2025-жылдын июнь айында Трамп Израилде Нетаньяхунун иштери боюнча соттук териштирүүнү токтотууну колдоп, аны «адилеттүүлүктүн пародиясы» деп атаган. 13-октябрда Кнессетте (Израил парламенти) сүйлөгөн сөзүндө Трамп Герцогго кайрылып, премьер-министрди ырайым кылуу сунушун киргизген. 12-ноябрда Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы Герцог Трамптан Нетаньяхуга ырайым берүү тууралуу расмий кат алганын билдирген. 30-ноябрда Нетаньяху өзүнүн адвокаты аркылуу Израилдин президентине ырайым берүү өтүнүчүн жөнөткөн.
Израилдин премьер-министри үч коррупциялык иш боюнча айыпталууда: 700 миң шекелден (230 миң доллардан) ашык суммадагы мыйзамсыз белектерди, анын ичинде сигаралар менен шампанды алуу; өз саясатын оң чагылдыруу үчүн ЖМКларды жөнгө салууга байланышкан алдамчылык; досторунун кызыкчылыгы үчүн долбоорлорду жылдыруу максатында паракорчулукка баруу. Тель-Авив жана Иерусалим шаарларындагы соттук процесс 2020-жылдан бери уланууда, Нетаньяху күнөөсүн бир нече жолу четке каккан. Премьер-министр сотто көрсөтмө берүүнү 2024-жылдын декабрында баштаган.


















