Израилдик танк Газанын түндүк бөлүгүнөн түштүгүнө барууга аракет кылган палестиналык жай тургундардын унаасын атып, үч киши каза болгонун окуяга күбө болгондор РИА Новостиге билдирди.
Жарандык унаага жасалган чабуулдун видеосу соцтармактарга тарап жатат.
Кадрдан израилдик танк анклавдын түндүгүн түштүк менен байланыштырган Салах ад-Дин көчөсүнө чыгууга аракет кылып, бурулуп жаткан жарандык унааны атканын көрүүгө болот.
Окуяга күбө болгондор израилдик танктын түз ок атуусунан унаанын үч жүргүнчүсү каза болуп, алардын сөөгү Газа тилкесиндеги аль-Шифаа ооруканасына жеткирилгенин билдиришти. Унаадагылар Газанын түндүгүндөгү эң кооптуу аймактан түштүккө кетүүгө аракет кылышкан.
Буга чейин Газа шаарынын чет жакаларында Израилдин танктары байкалганын AFP агенттиги маалымдаган. Анда Израилдин брондолгон техникалары Газа тилкесинин түндүк жана түштүк аймактарын бириктирген негизги жолду тосуп алганы айтылган.
Жекшемби күнү Израилдин армиясы Газа секторунда аскердик операциясын кенейте берерин билдирген.


















