9-октябрь Бишкек убактысы боюнча 21.00гө карата Израилдеги кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Бул тууралуу Кыргызстандын Израилдеги элчилигинен (резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан) билдиришти.
Маалыматка ылайык, Израилдин ар кайсы аймактарында 56га жакын кыргыз жараны бар.
“Элчилик Израилде жашаган мекендештер, ошондой эле Израилдин Герцлия шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен дайыма байланышта”, – деп белгилешти дипөкүлчүлүктөн.
Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле Тель-Авивдеги бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарды түздү.
Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргыз жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштады.
Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу).
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген Израиль менен Палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турганын билдирген.
“Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз», — деп белгиленген ТИМдин билдирүүсүндө.
7-октябрда палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы операция баштап, Израиль согуш абалына кирип жаткан учурда бир катар мамлекеттер Израилден жарандарын эвакуациялоону уюштурууга киришти. Учурда бир катар Европа өлкөлөрү өз жарандарын алып чыгуу үчүн Тель-Авивге учактарын жөнөттү.
Бүгүн, 10-октябрда Казакстандын Air Astana авиакомпаниясынын учагы республиканын жарандарын эвакуациялоо үчүн Тель-Авивге учуп кетти. Ал мекенине кайтууну каалаган жүздөн ашык казакстандыктарды алып келет. Алар негизинен студенттер жана элчиликтин кызматкерлери.
Израиль-Палестина жаңжалында эки тарапта тең жоготуулар болууда. Израилде каза болгондордун саны 900дөн ашканын Haaretz кечээ, 9-октябрда билдирди. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан каза болгондордун саны 560тан ашты.