Сионисттик режимдин жаңы кылмышынын натыйжасында 66 палестиналык набыт болуп, 100дөн ашуун адам жарадар болду. Бул тууралуу бейшемби күнү эртең менен аймактык басылмалар жазып чыгышты.
Кол салууда Газанын түндүгүндөгү Камал Адван ооруканасынын айланасындагы бир турак жай кыйрады.
Сионисттик режим шаршемби күнү да Газа тилкесине абадан сокку урууда, ушул убакка чейин 57 киши набыт болду.
Израилдин Газа тилкесине кол салуулары 2023-жылдын 7-октябрында башталгандан бери 43 922 палестиналык набыт болуп, 103 000ден ашууну жарадар болгонун Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.


















