Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү бүгүн жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирди.
Бул тууралуу Катардын ТИМинин расмий өкүлү билдирди.
Эки тараптын төрт күндүк элдешүүсү Катардын ортомчулугу менен ишке ашырылууда. Келишимдин алкагында тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашат. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.











Discussion about this post