Газадагы Ыйык Порфирия грек православ чиркөөсү Израилдин бомбалоосуна кабылды. Бомбалоодон кийин урап түшкөн чиркөөдө каза болгондор бар экенин чиркөөнүн архиепискобу Алексий ERT-1 телеканалына билдирди.
“Алар кеңселерге жана монастырдын кире беришине сокку урушту. Аларга ракета менен атышып, бүт имарат урап түштү. Ичинде көптөгөн христиандар болгон, алардын көбү жаракат алды, каза болгондор да бар”, – деди архиепископ.
Ал монастырда 400дөн ашык адам жашай турганын кошумчалады.
“Урандылардын астында канча адам калганын көрүү үчүн бульдозерлерди алып келиш керек”, – деди дин кызматчысы.
Социалдык тармактарда окуя болгон жерден сүрөттөр жана видеолор пайда болду.
ERT маалымдагандай, ХАМАСтын Ички иштер министрлиги чиркөөгө баш калкалагандардын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин тастыктады.
Буга чейин “Naftemporiki” гезити Газадагы булактарына таянып, урандылардын астында ондогон адамдар болушу мүмкүн экенин жазган. Урандылардын астында калгандардын көбү тарыхый чиркөөгө аба чабуулдарынан башпаанек издеп келген палестиналыктар. Буга чейин ERT телеканалы чиркөөгө негизинен аялдар жана балдар баш калкалаганын билдирген.
Иерусалим патриархаты Израилдин Газадагы гуманитардык мекемелерге жасаган аба соккусун айыптап, аны аскердик кылмыш деп атады.
Белгилей кетсек, V кылымдын башында негизделген Ыйык Порфирия чиркөөсү аймактагы эң байыркы чиркөөлөрдүн бири болгон.
Эске салсак, 17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган соккуда 500дөй адам каза болгон. Алардын көбү аялдар жана балдар. Палестиналыктар менен израилдиктер кол салуу үчүн бири-бирин айыптоодо: Палестинанын Тышкы иштер министрлиги чабуулду Израиль учактары жасаганын айтса, Израиль армиясы ооруканага Палестиналык «Ислам Жихад» тобунун ийгиликсиз учурган ракетасы тийгенин айтууда. “Ислам жихады” тобу бул айыптоону четке какты.
Палестиналык WAFA агенттиги 18-октябрда Израилдик күчтөр Газа борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусейрат шаарындагы мечиттин аймагына чабуул коюшканын жана андан ондогон жарандар жабыркаганын маалымдаган. Ошол эле күнү Al Jazeera телеканалы Израилдин аба күчтөрү Газанын Ат-Туффах аймагына жасаган чабуулунун натыйжасында Аль-Махатта мечити толугу менен талкаланганын маалымдаган. Курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.




















