Израиль аскерлери Газа секторунун борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө кайрадан жер үстүндөгү операцияны баштады. Бул аракеттер коопсуздук аймагын кеңейтүү жана анклавдын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда жарым-жартылай буфердик зона түзүү максатында жүргүзүлүүдө, – деп билдирди Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз кызматы.
«Өткөн сутка ичинде ЦАХАЛдын аскерлери Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө так максаттуу жер үстүндөгү операцияларды башташты. Бул иш-аракеттер коопсуздук аймагын кеңейтүү жана Газанын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнүн ортосунда жарым-жартылай буфер аймагын түзүү үчүн багытталган», – деп айтылат билдирүүдө.
Израиль армиясынын маалыматына караганда, операциянын жүрүшүндө аскерлер Нецарим коридорунун борбордук бөлүгүндөгү көзөмөлүн кеңейтти. Мындан тышкары, «Голани» бригадасы Түштүк командачылыгынын аймагына жайгаштырылып, Газа секторундагы операцияларга даяр бойдон калат.
18-мартта ЦАХАЛ ХАМАС тобуна каршы аскердик операцияларын кайра баштаганын жарыялаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, 230 адам каза болуп, 350дөй адам жаракат алган.
Мунун фонунда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху мындан ары ХАМАС менен бардык сүйлөшүүлөр согуштук операциялар уланып жаткан шартта гана өтө турганын билдирди. Бул чечим палестиналык тараптын израилдик туткундарды бошотууга макул болбой жатканынан улам кабыл алынган.
Эске салсак, 19-январдан 1-мартка чейин Газа секторунда Израиль менен ХАМАС ортосунда ок атышууну токтотуу режими иштеп турган. Бул келишимдин негизинде 30 израилдик туткун жана 1,7 миң палестиналык камактагы адам бошотулган.
















