Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар өлкөсү АКШнын артынан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкканын жарыялады.
“Израиль президент Трамптын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин ишине катышпоо чечимин кубаттайт. Израиль АКШга кошулат жана БУУ Адам укуктары боюнча кеңешмесине катышпайт”, — деп жазган ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Саар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетин “адам укуктарын бузгандарды салттуу түрдө коргоп, аларга сындан жашырынууга мүмкүнчүлүк берип жатат” жана “Жакынкы Чыгыштагы жападан жалгыз демократияны – Израилди дайыма демонизациялоодо” деп айыптады.
Ал Израилдин мындан ары бул дискриминацияга чыдабай турганын кошумчалады.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинен жана палестин качкындарына жардам берген БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинен (БАПОР) чыгуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Адам укуктары боюнча кеңеш – Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын өкмөттөр аралык органы болуп саналат, анын курамына 47 мамлекет кирет. Ал 2006-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан “дүйнө жүзүндө адам укуктарын жалпы урматтоону жана коргоону илгерилетүү” максатында түзүлгөн.
47 өлкө географиялык бөлүштүрүүнүн негизинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен түз добуш берүү менен шайланат. Африка жана Азия-Тынч океан мамлекеттери органда 13 орунга, Латын Америкасы жана Кариб деңизиндеги мамлекеттери 8, Батыш Европа жана башка мамлекеттер 7, Чыгыш Европа 6 орунга ээ. Кеңештин мүчөлөрү үч жыл бою өз милдеттенмелерин аткарышат жана эки мөөнөт катары менен кайра шайлана алышпайт. Жыл сайын курамдын үчтөн бири жаңыланып турат.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жообу
Израиль БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыга албайт, анткени ал уюмдун 47 мүчөсүнүн бири эмес, деп БУУнун органынын расмий өкүлү Паскаль Сим ТАСС агенттигине билдирди.
Ал белгилегендей, Израилдин байкоочу статусу бар, бул БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө барабар эмес.
“Белгилей кетчү нерсе, Израиль БУУнун 47 мүчөсүнүн катарына кирбеген уюмдагы 193 мүчө-мамлекет сыяктуу эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде байкоочу статусуна ээ. Кеңештеги байкоочу мамлекет өзү мүчө болбогон органдан чыга албайт”, – деп түшүндүрдү ал.


















