Италия Сардиния аралындагы айыл чарбасын жандандыруу үчүн кыргыз чабандарынан жардам сурайт. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жарыялады.
Италиялык Coldiretti фермердик чарбасы кой-эчкинин сүтүнөн быштак жасоо жана жылкы багуу сыяктуу жумуштарга тажрыйбалуу чабандарды жалдоо үчүн Кыргызстанга кайрылды.
Coldiretti дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен жергиликтүү чабандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Сардиниянын ээн аймактарына барып эмгек келишимдери менен иштөөгө уруксат берүү үчүн атайын келишимге кол койгонун жарыялады. Ал келишим – Coldiretti менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда аткарыла турган пилоттук долбоор болуп калмакчы.
Анын алкагында, кыргыхстандык 18 жаштан 45 жашка чейинки айыл чарба тармагында тажрыйбасы бар 100 кыргызстандыкты Сассари, Барбаги жана Саррабус айыл аймактарына алып баруу каралган. Аларга алгач кыска мөөнөттүү визалар тапшырылат, бирок окуу-тажырыйба программаларынан кийин туруктуу иштөөгө уруксат берилет. “Италиядагы кыргызстандык жумушчуларга “маданий ортомчулар” колдоо көрсөтөт”, – деп айтылат уюмунун билдирүүсүндө.
Италия башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу жумушчу визасын азыраак берет, бирок серепчилер менен айрым саясатчылар өлкө айыл чарба тармагын колдоо үчүн эмгек мигранттарына муктаж экенин айтып келишет.
Coldiretti уюму Италиянын айыл-чарбасында мыйзамдуу түрдө 164 өлкөдөн 358 миңдей чет элдик жумушчу келип иштеп жатканын белгилейт.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын май айынын аягында, Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Сардиния аралына атайын иш сапары менен барып, айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчилери менен жолуккан. Анда аралдын айыл чарба ишканаларында кадрдык муктаждык жогору экени сөз болгон жана Италиянын мыйзамдарына ылайык, кыргызстандыктарды жумушка тартууга даяр экендиктери тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.