Испаниянын Падышалык футбол федерациясынын президенти Рафаэль Лусан 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинин билеттерине карата уюштуруучулардын баа саясатын кескин сынга алды.
Бул тууралуу Marca басылмасы маалымдады.
Андагы маалымат боюнча, билеттин эң төмөнкү баасы болжол менен 4 миң АКШ долларын түзөт. Мындай баа көптөгөн күйөрмандар үчүн финалга барууну мүмкүн эмес кылууда.
«Бул чындап эле уят көрүнүш. Мындайга жол берилбеши керек. Анткени Испанияда бул жакка келүү үчүн чоң аракет кылган, орточо же жөнөкөй кирешеси бар көптөгөн күйөрмандар бар», — деди Лусан.
Федерациянын башчысы чыгымдар билеттин баасы менен эле чектелбей турганын белгиледи. Күйөрмандарга учакка билет жана мейманкана үчүн да төлөөгө туура келет, алардын баасы 800 евродон башталат. Анын айтымында, бардык чыгымдарды кошкондо, турнирге баруу жөнөкөй күйөрмандар үчүн өтө кымбатка түшүп калууда.

















