Европа өлкөлөрү өз алдынчалуулугун жоготуп, Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын саясатын гана аткарып жатышат.
Бул тууралуу Иран ТИМинин өкүлү Исмаил Багаи британиялык The Guardian гезитине берген маегинде билдирди.
«Европалыктар Трамп эмне десе, ошону жасашууда, – деди ал. – Европалыктардын ролу азаят. Эгер өзөктүк келишимдин тарыхындагы Европа тышкы саясат жетекчилерине кайрылып көрсөңүздөр, Хавьер Солана, Кэти Эштон, Федерика Могерини жана Жозеп Боррель Иран менен АКШнын ортосунда көпүрө болууга аракет кылышкан. Алар өздөрүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтүүгө умтулган. Бирок азыр европалыктар АКШ менен Израилдин куурчагына айланууну чечишти. Бул ролду АКШга өткөрүп бериши алар тараптан таптакыр жоопкерсиздик болду».
Багаи өзгөчө Германия канцлери Фридрих Мерцтин сөздөрүнө көңүл бурду. Ал июнь айында Израилдин Иранга жасаган соккулары боюнча: «Израил Батыш өлкөлөрүнүн ордуна ‘ыплас жумушту’ жасап жатат» деп билдирген. «Бир жагынан бардык Европа өлкөлөрү Израилдин аракеттерин колдогондой болду жана ошондой болушу чоң ыктымал, Израил режимине маалымат да беришти», – деди Ирандын ТИМ өкүлү.
Ошондой эле ал, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы санкцияларды кайра жандантса, Иран Өзөктүк куралды жайылтпоого каршы келишимден чыгууга даяр экенин баса белгиледи.
Бирок ошол эле учурда Багаи Иран мурдагы өзөктүк келишимде көрсөтүлгөндөй уранды байытуунун тазалыгын 3,67% деңгээлге чейин түшүрүүгө даяр экенин, эгерде келишим Ирандын өлкө ичинде уран байытууга болгон укугун сактап калса деп билдирди. Ошондой эле ал мындай деп суроо салды: «Эгерде, Трамп айткандай, америкалык-израилдик биргелешкен соккулар Ирандын уран байытуу мүмкүнчүлүгүн буга чейин эле жок кылса, анда эмне үчүн АКШ Иранды бул укуктан ажыратууга ошончолук умтулууда?»















