Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Ормуз кысыгы аркылуу Иран бийлиги менен алдын ала макулдашылбаган деңиз маршруттары боюнча кемелердин өтүүсүнө каршы экенин жарыялады.
Буга чейин 24-июнда БУУнун Эл аралык деңиз уюму (IMO) Перс булуңунда калып калган миңдеген деңизчилерди эвакуациялоо планынын алкагында кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтө баштаганын билдирген.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө айрым бийликтер Тегеранды алдын ала кабардар кылбастан жана Иран менен макулдашуусуз Ормуз кысыгы аркылуу жаңы деңиз маршрутун жарыялаганы айтылат. Командачылык жаңы маршрутту кабыл алынгыс деп атады.
«Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат берилген жалгыз маршруттар Иран Ислам Республикасы тарабынан аныкталат», — деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө. Маалымат Press TV телеканалынын Telegram-каналында жарыяланган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу ошондой эле бекитилген маршруттардан тышкары кемелердин жүрүүсүнө тыюу салынарын жана бул талаптарды бузган бардык кемелерге карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Ошол эле күнү АКШнын энергетика министри Крис Райт Ормуз кысыгы аркылуу болжол менен 72 кеме өткөнүн билдирген. Аталган кемелер жалпысынан 20 миллион баррелге жакын мунай ташып бара жаткан.
Эске салсак, 18-июнга караган түнү Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Документке АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аралыктан, электрондук түрдө кол коюшуп, ал дароо күчүнө кирген.
Меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланган. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалган.
Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.
21-июнда Пакистан жана Катардын ортомчулугу менен Швейцарияда Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу жана акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун шарттарын талкуулашты.


















