Ирландия БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотунда Газадагы геноцид маселесине байланыштуу Израилге каршы Түштүк Африка тарабынан берилген арызга кошулууну суранганын БУУнун Эл аралык соту билдиргенин, Anadolu агенттиги жазды.
Ирландия менен Израилдин мамилеси өткөн жылдын октябрь айында Газада ХАМАС менен Израилдин ортосунда жаңжал башталгандан кийин курчуп кеткен. Израиль Ирландия Палестина мамлекетин тааныганын жарыялагандан кийин Дублиндеги элчисин чакыртып, дипломатиялык өкүлчүлүгүн жапкан.
Ирландиянын министрлер кабинети былтыр декабрдын башында Израилди Газадагы геноцидге айыптаган Түштүк Африканын Эл аралык сотундагы доосун колдоо чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Түштүк Африка Республикасы былтыр 29-декабрда БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылып, Израилди Газа секторунда палестиндерди геноцид кылып жатат деп айыптаган. Түштүк Африка Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы аракеттерин “геноцид боюнча Конвенциядагы милдеттенмелерди бузуу” деп билдирген.
Израилге каршы жараянга бир катар өлкөлөр, анын ичинде Никарагуа, Колумбия, Ливия, Мексика, Палестина, Испания жана Түркия кошулган кошулган.
Эл аралык кылмыш соту 21-ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган. Экөө тең 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейин жасалган “адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары” боюнча шектелүүдө.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Газада бир жылдан ашуун убакыттын ичинде Израилдин чабуулдарында набыт болгон палестиналыктардын саны 45 885 миңге жетип, жаракат алгандардын саны 109 миңден ашты. Каза болгондордун жарымынан көбү аялдар жана балдар.


















