Иран Ислам Революциясынын Жогорку рухий лидери аятолла Али Хаменеи Тегеранда Ирактын премьер-министри Мухаммед ал-Судани менен жолугушту.
“Eurasia Today” маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Ирактын премьер-министри шаршемби күнү Тегеранга келген, аны Мехрабад аэропортунан Ирандын экономика жана каржы министри Абдол Насер Хеммати тосуп алган.
Буга чейин Аль-Судани Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

















