Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сауд Аравияда мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул тууралуу “IRNA” агенттиги сауидиялык SPA агенттигине таянып кабарлады.
Жидда шаарында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактагы окуялар, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо аракеттери каралды.
Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Иран менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими аймактагы коопсуздук жана туруктуулукту бекемдөө үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Ал Сауд Аравиянын позициясы талаш-тартыштарды чечүүнүн каражаты дипломатиялык жол менен диалогду колдоо экенин баса белгиледи.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз кезегинде Сауд Аравияга Израилдин Иранга каршы аскерий чабуулун айыптаган позициясы жана мураскор ханзааданын аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Аракчи буга чейин саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан менен жолугуп, сүйлөшкөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү баса белгиленип, аймактык окуялар каралган.
Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Аракчи бир нече күн мурда Бразилияда өткөн БРИКС саммитинен кайтып келгенден кийин Жиддага бара турганын билдирген.
Багаи X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Аракчи сапары учурунда Сауд Аравиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулай турганын айткан.
Бул сапар Ирандын өзөктүк маселеси боюнча дипломатиялык активдүүлүк күчөгөн учурда жана АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдиргенден бир күн өткөндөн кийин болду.
Эске салсак, Сауд Аравия Израилдин Иранга кол салуусун жана АКШнын чабуулун айыптаган.


















