Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ормуз кысыгы Ирандын аскер-деңиз күчтөрү менен кызматташкан бардык соода кемелери үчүн ачык экенин билдирди.
“Биздин көз карашыбыздан алганда, Ормуз кысыгы бардык соода кемелери үчүн ачык, бирок алар биздин аскер-деңиз күчтөрү менен кызматташышы керек”, – деди ал Press TV телеканалына берген маегинде.
Аракчинин айтымында, Ормуз кысыгы азыр АКШнын агрессиясынан жана ага киргизилген блокададан эң көп жабыркап жатат.


















