Ирандын президенти Масуд Пезешкиан сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барат.
Бул тууралуу Иран президентинин администрациянын байланыш жана маалымат маселелери боюнча орун басары Мехди Табатабаи ISNA агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал журналисттин президент Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Нью-Йоркто АКШ менен сүйлөшүү мүмкүнбү? деген суроосуна жооп берген.
“Менимче, президент мырзанын БУУга сапары 23-сентярда болот. Бүгүнкү күндөн ага чейин болжол менен 40 күн бар. Өлкөдө да, дипломатия тармагында да өнүгүү темпи абдан тез, ошондуктан мен берген жооптун баары так эмес болуп калат. Эгер азыркы кырдаалда болсо, жок, бул бүгүнкү күндө мүмкүн эмес, бирок 40 күндөн кийин болушу мүмкүн. Биз азыр андай сүйлөшүүлөрдөн алыс болушубуз мүмкүн, же кандайдыр бир нерселер болуп, жакындашыбыз мүмкүн. Бул биз белгисиздик дүйнөдө жашап жатабыз дегенди билдирет жана бул жерде сөзсүз түрдө жолугушуу болот, сөзсүз түрдө жыйын болот деп бекем билдирүү жасоо мүмкүн эмес”, – деген Табатабаи.
Белгилей кетсек, Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүшкөн. Сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасын 15-июнда Омандын борборунда өткөрүү пландалып жаткан. Бирок Израилдин Иранга каршы чабуулунан улам сүйлөшүүлөр токтотулган.
Эске салсак, 2024-жылы сентябрда Масуд Пезешкиан Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөсүнөн тышкары, “Келечек саммитине” катышып, АКШдагы иран диаспорасынын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

















