Ирандын президенти Ибрахим Раиси тик учактын кулашынан каза болгону тастыкталды.
Тик учакта Ибрахим Раисиден тышкары, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар жок.
Раисинин жана жалпы делегациянын өлүмү тууралуу маалыматты Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури тастыктады.
Буга чейин Ирандын Кызыл Жарым Ай коому кырсык болгон жерден аман калгандар табылбаганын, тик учактын өзү толугу менен күйүп кеткенин кабарлаган.
Ирандын Конституциясына ылайык, президент каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары биринчи орун басарга өтөт. Бул кызматты Мохаммад Мохбер 2021-жылдан бери ээлеп келет.
Кырсыктын чоо-жайы

Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак кырсыгы жекшемби күнү түштөн кийин болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Верзеган аймагына аба ырайынын айынан катуу конуу жасаган. Президенттин кортежинде үч тик учак болгон. Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон.
Окуя болгон жерге издөө иштерине армия, полиция жана Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун мүчөлөрү жөнөтүлгөн, бирок куткаруу операциясы аба ырайы жана жердин шартына байланыштуу олуттуу татаалдашкан. Масштабдуу издөө иштери түнү бою жүргүзүлдү. Ага куткаруучулар тобу, Кызыл жарым ай коомунун куткаруучулары, армия, полиция жана альпинисттер тартылган.Түркия издөө иштерине жардам көрсөтүү үчүн Ирага кечинде көрүүчү система менен жабдылган Akıncı учкучсуз учагын жана Cougar тик учагын жөнөткөн.Akıncı учкучсуз учагынын издөө иштери YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлдү.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Иранга куткаруучулар тобун (47 адис), бардык жерде жүрүүчү техникалар, ошондой эле абадан издөө үчүн ВО-105 тик учагын жөнөткөн.
Тик учак кулаган жер бүгүн эртең менен табылды.





















