Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын президенти 13 жылдан бери биринчи жолу Сирияга барды

  • ТОП жаңылыктар
  • 04.05.2023 13:29

Loading

Ирандын президенти Ибрахим Раиси кечээ, 3-майда Сирияга расмий сапар менен барды, бул Иран президентинин 2011-жылы Сирияда жаңжал башталгандан берки биринчи сапары.

Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды.

Сирия жаңжалы башталгандан бери (2011-жылдын мартынан бери) араб республикасынын президенти Башар Асад Тегеранга эки жолу барган, ал эми бул убакыттын ичинде Ирандын президенттери Сирияга барган эмес. Акыркы сапар 2010-жылдын сентябрында болгон: анда Дамаскка Ирандын ошол кездеги президенти Махмуд Ахмадинежад барган.

Тема боюнча

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Раисини саясий жана экономикалык иштер боюнча жогорку даражалуу министрлер делегациясы анын ичинде Тышкы иштер жана Коргоо министрлери Хоссейн Амир Абдоллахиан жана Мохаммад Реза Аштиани, ошондой эле Мунай министри Жавад Оужи баш болгон чоң делегация коштоп барды.

Сириянын SANA агенттиги визит эки күнгө созуларын билдирди. Ошол эле күнү Раиси сириялык кесиптеши Башар Асад менен жолугуп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар документтерге кол коюшту.

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Бахадори Жахроминин айтымында, жолугушуу эки өлкө үчүн “стратегиялык мааниге ээ” жана анын максаты “экономикалык”.

Ибрахим Раисинин Сирияга сапары Дамасктын араб өлкөлөрү, биринчи кезекте Сауд Аравия менен жакындашып жаткан учурга туш келди. Сирия менен Түркиянын ортосундагы мамиленин жылышы да күн тартибинде турат. Бул аймактагы сооданын жанданышына, ошондой эле Дамаскка инвестиция тартууга алып келиши мүмкүн.

Сириянын эли Ибрахим Раисини жылуу тосуп алды

Кызматташуу боюнча 15 документке кол коюлду

Асад менен Раисинин сүйлөшүүлөрүнүн күтүлгөн жыйынтыгы негизинен стратегиялык жана соода-экономикалык кызматташтыкка арналган 15 документке кол коюу болду. Алардын арасында узак мөөнөттүү стратегиялык комплекстүү кызматташуунун планы боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдары, ошондой эле тармактык документтер (атап айтканда, айыл чарба, мунай, темир жол, жарандык авиация, банк секторуна тиешелүү) бар.

Асад менен Раиси эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюшканын, SANA агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, документте 20 жыл аралыгында соода-экономикалык кызматташуу планын ишке ашыруу каралган.

Ошондой эле эркин соода аймактарын түзүү, темир жол транспортун жана аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча ж.б 14 келишимге кол коюлду. Тараптар мунай-газ тармагында жана айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышат.

Агенттиктин маалыматына караганда, Асад “Сирия менен Иран өз мамилелерин аймактык жана эл аралык көйгөйлөргө бирдиктүү мамиленин негизинде куруп жатканын” белгилеген.

“Биздин өнөктөштүгүбүз убакыттын сыноосунан өттү”, – деген Башар Асад.

Сирия лидеринин айтымында, эки дос мамлекет “бекем принциптерге жана жалпы саясий көз карашка таянуу менен эки элдин кызыкчылыгында кызматташууну өнүктүрүүдө жаңы сапаттык кадам жасоодо”.

Визиттин алдында Раиси ливандык “Аль-Маядин” телеканалына берген маегинде Иран Сирияны согуштан кийинки калыбына келтирүүгө активдүү катышууга даяр экенин билдирген.

“Бизде реконструкциялоого салым кошо ала турган жогорку квалификациялуу инженердик-техникалык кадрлар жана курулуш компаниялары бар”, – деген Иран президенти.

Дамаскка Ибрахим Раиси менен бирге таасирдүү делегациянын баршы жөн жеринен эмес. Ирандын Жол жана шаар куруу министри, ошол эле учурда иран-сириялык экономикалык кызматташтык комиссиясын жетектеген Мехрдад Базарбаш өткөн аптада эле Дамаскта болгон. Ал сапарда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бажы салыгын нөлгө түшүрүү, Иран, Ирак жана Сириянын ортосунда темир жол коридорун түзүү долбоорун активдештирүү жана диний туризмди өнүктүрүү боюнча макулдашылган.

Базарбаш Сириянын маалымат каражаттарына берген маегинде Тегерандын Сириянын мунай кендерине жана мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна инвестиция салуу ниетин тастыктап, ошондой эле Сирия Ирандын товарлары жана кызматтары үчүн ылайыктуу рынок экенин белгилеген.

Раиси менен Асад конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

“Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен анын сириялык кесиптеши Башар Асад узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана эки өлкөгө тең пайда келтирүүгө өбөлгө түзө турган олуттуу жана абдан конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү”, – деп Иран президентинин администрациясынын жетекчиси, саясий маселелер боюнча жардамчысы Мохаммад Жамшиди билдиргенин ИРНА агенттиги жазды.

Анын айтымында, Иран менен Сириянын президенттери аймактагы стратегиялык кырдаалга баа берип, координациялап, өз элдери үчүн узак мөөнөттүү жана пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө контекстинде абдан маанилүү консенсуска жетишишти.

“Сириянын бийлиги жана эли чоң кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, бүгүн биз коркучтарга жана санкцияларга карабай бул көйгөйлөрдүн баарын жеңип, жеңишке жеттиңиздер деп айта алабыз”, – деген Ирандын президенти.

Башар Асад ирандык кесиптеши менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына оң баа берди. Сирия лидеринин сөзүн SANA агенттиги келтирди.

“Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кол коюлган келишимдер жана меморандумдар биз үчүн абдан маанилүү, анткени алар Батыштын санкцияларынын терс кесепеттерин азайтат”, – деди Асад.

Анын айтымында, Сирия менен Иран өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдери аркылуу сооданы, ошондой эле келечектүү долбоорлорго инвестициянын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатат.

Ал белгилегендей, Иран президентинин Сирияга сапары эл аралык аренада маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда болду.

“Дүйнөнүн экономикалык картасы өзгөрүүдө, тең салмактуулук акырындык менен Чыгышты көздөй жылып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү Батышка көз карандылыктан бошотуп жатат”, – деп баса белгиледи ал.

Сириянын президенти империалисттик державалардын Азиянын жана Африканын мамлекеттерин бөлүп-жарууга жана баш ийдирүүгө багытталган саясатын айыптады.

“Бөлүп туруп башкар” деген принцип бул эски колониялдык принцип. Чыныгы эгемендүүлүккө умтулган элдер ага биригүү менен гана туруштук бере алышат, антпесе алар утулат”, – деди Асад.

Эксперт: Иран 2011-жылы Башар Асадды колдогон саналуу өлкөлөрдүн бири

Саясат таануучу Станислав Тарасов Раисинин бул сапары күтүлгөнүн, анткени Иран менен Сирия Астана процессинин катышуучулары жана эки тараптуу кызматташтыкты жигердүү кеңейтип жатканын “Абзац” басылмасына билдирди.

“Иран 2011-жылы Башар Асадды колдогон саналуу өлкөлөрдүн бири. Анын үстүнө, Сирия акырындап анын ичинде Россиянын жардамы менен изоляциядан чыга баштады. Анкара менен Дамаскты жараштыруу үчүн Түркия-Россия-Иран-Сирия төрт тараптуу жолугушуулар өткөрүлүүдө, Сауд Арабвия Сирия менен карым-катнаш түзүүгө кадам таштады. Ошондуктан, Раисинин сапары абдан күтүлгөн болчу”, – дейт саясат таануучу.

Ал учурда бүткүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө АКШнын таасиринин алсырашы менен байланышкан өзгөрүү болуп жатканын кошумчалады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Башар АсадИбрахим РаисиирансапарСирия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып алды

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып алды

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.