АКШ менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийин, Иран Ормуз кысыгы аркылуу мунай экспортун активдүү түрдө көбөйтө баштады.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Иран февралдын аягында башталган жаңжалдан бери Ормуз кысыгы аркылуу мунай экспортун эң жогорку деңгээлге чейин көбөйттү. Бул аймакта деңиз аркылуу жүк ташуу каттамдарынын калыбына келиши менен байланыштуу экени белгиленет.
Агенттиктин билдиришинче, учурда Ормуз кысыгы аркылуу АКШнын санкцияларына кабылган үч супертанкер — Elva, Virgo жана Vigor өтүп бара жатат. Алардын бортунда жалпысынан болжол менен 6 миллион баррель иран мунайы бар.
Бул кемелер Сингапур аймагын көздөй багыт алышкан. Адатта ал жактан мунай кайра иштетүү үчүн Кытайга жөнөтүлөт.
Bloomberg агенттиги белгилегендей, мындай жеткирүүлөр Вашингтон Иран портторуна кемелердин киришине коюлган чектөөлөрдү алып салгандан кийин мүмкүн болду.
Мындан тышкары, агенттик Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулардын көбөйгөнүн маалымдады. Жаңжал башталганга чейин дүйнөдөгү мунай жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызы ушул стратегиялык мааниге ээ болгон кысык аркылуу ташылып келген.
Ок атууну токтотуу келишими
18-июнга караган түнү Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Документке АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аралыктан, электрондук түрдө кол коюшуп, ал дароо күчүнө кирген.
Меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланган. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалган.
Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.
21-июнда Пакистан жана Катардын ортомчулугу менен Швейцарияда Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу жана акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун шарттарын талкуулашты.

















