Ирандын Чалгындоо министрлиги Израилден жашыруун документтерди алуу жана өткөрүп берүү боюнча акыркы операцияны чалгындоо тармагындагы мурда болуп көрбөгөндөй чоң жеңиш катары баалады.
Mehr агенттиги билдиргендей, министрлик шейшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө «мурда болуп көрбөгөндөй» деп мүнөздөлгөн операция тууралуу кеңири маалымат берип, анын жүрүшүндө Израиль тууралуу өтө маанилүү, стратегиялык жана жашыруун документтер алынганын жана бул операция сионисттик режимге катуу сокку урганын айтты.
Билдирүүдө документтердин чоң көлөмү ийгиликтүү түрдө Иранга жеткирилгени белгиленип, операцияга катышкан бардык күчтөр аман-эсен өз позицияларына кайтып келишкени баса белгиленген.
Иран тарабынан алынган документтер стратегиялык, колдонмо, илимий-изилдөө жана академиялык баалуулукка ээ болуп, алар «ядролук куралга байланыштуу мыйзамсыз жана жашыруун пландарды, объектилерди, изилдөөлөрдү жана Америка менен Европа институттары менен болгон байланыштарды, ошондой эле сионисттик режимдин учурдагы жана келечектеги ядролук пландарын» камтыйт деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, бул документтерде аскердик жана ракеталык программалар, кош максаттагы долбоорлор боюнча техникалык маалыматтар, ошондой эле бул долбоорлорго катышкан жетекчилердин, расмий адамдардын жана илимпоздордун ысымдары, жеке маалыматтары, сүрөттөрү менен даректери бар экени айтылды.
Министрлик илимий-изилдөө багытындагы айрым маалыматтар Ирандагы тиешелүү мекеме жана уюмдарга өткөрүлүп берилгенден кийин, өлкө ичинде пайдаланылышы мүмкүн экенин кошумчалады.


















