Ирандын Сооданы өнүктүрүү уюмунун Батыш Азия департаментинин башкы директору иран жылынын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мунай экспортунун статистикасына таянып, Ирандын бул өлкөлөр менен соода балансынын оң сальдосун маалымдады.
«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, Абдул-Амир Рабихави Иран календарынын алгачкы 9 айындагы Ирандын Батыш Азия өлкөлөрү менен болгон соода статистикасына шилтеме жасап, төмөндөгүлөрдү кошумчалады: «Ирандын Ирак менен соодасы 35%, Бириккен Араб Эмираттары менен 11%, Түркия менен 59% өстү. Кувейт менен – 31%, Сирия менен – 21%, Катар менен – 14%, Иордания менен – 508%, Оман менен – 15%, Ливан менен – 30% жана Сауд Арабиясы менен – 9795%” .
Анын айтымында, Ирандын Сауд Арабиясы менен соодасы 200 миң доллардан 23 миллион долларга, Ливан менен 18 миллион доллардан 23 миллион долларга, Бахрейн менен 7 миллион доллардан 11 миллион долларга чейин өстү.


















