Өзүнүн бай тарыхы жана уникалдуу архитектурасы менен белгилүү болгон Йезд же Язд шаары – Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, тарыхы миң жылдарга созулган, дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири. Ал Ирандын Йезд провинциясынын административдик борбору болуп саналат.
Шаар негизинен өзүнүн тарыхый жана салттуу көрүнүшүн бүгүнкү күнгө чейин сактап калган. Йезд чөлдүү аймакта жайгашкандыктан, климат ысык жана кургак. Жай айлары өтө ысык болсо, кыштар жумшак өтөт. Бул шарттарга ылайыкташкан архитектура шаарга өзгөчө көрүнүш берип турат.
Аймактын климаттык өзгөчөлүктөрү адамдарды өздөрүнүн курулуш технологиясын иштеп чыгууга мажбур кылган. Шаардын эски бөлүгүндөгү үйлөрдүн көпчүлүгү топурактан согулган жана чатырлары купол сымал болуп турат – ал салкындыкты сактоого мүмкүндүк берет. Шаардын бардык жагынан “бадгирлерди” (салттуу архитектуралык элемент, имараттарды желдетүү үчүн кызмат кылган шамал кармаган мунара) көрүүгө болот.
Ошондой эле бул жерде көптөгөн кооз мечиттер бар. Алардын бири Жума мечити – өлкөдөгү өзүнүн эң бийик минареттери менен белгилүү. Алардын бийиктиги 48 метр, диаметри 6 метр. Мечитти топурактан согулган салттуу үйлөр курчап турат.
Дагы бир кооз жайлардын бири делип – Амир-Чагмаг комплекси саналат. Комплекстин ичинде караван-сарай, мончо, көлмөлөр, базар жана мечит бар. Комплекс Тимуриддер башкармалыгынын тушуна таандык жана Йезддеги эң белгилүү тарыхый эстелик болуп саналат.
Йезд шаары – 2017-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

























Discussion about this post