Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Тегерандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрүнүн көргөзмөсүнө барды.
Россиялык министрге Ирандын аскердик-өнөр жай комплексинин продукциялары көрсөтүлдү, деп билдирди Россиянын аскердик ведомствосу.
“Россиянын коргоо министри ракеталык куралдар, учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле Иранда жасалган абадан коргонуу системалары менен таанышты”, — деп айтылат маалыматта.
Тегеранда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курал-жарак жана аскердик техника көргөзмөсүндө Ирандын аэрокосмостук өнөр жайынын жетишкендиктери көрсөтүлдү. Бул жерде Ирандын учкучсуз учактарынын акыркы үлгүлөрү, тактикалык ракеталык системалары, алыскы жана орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары көрсөтүлгөн.
Шойгу баштаган делегация Ирандын аскерий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тегеранга 19-сентябрда келген. Россиянын аскердик ведомствосунда белгиленгендей, бул сапар орус-иран аскерий алакасын бекемдөөгө жардам берет жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калат.
Сапардын алкагында Шойгу ирандык кесиптеши Мохаммад Реза Аштиани жана Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери менен жолугушууларды өткөрдү.


















