Иранда мамлекет башчысы учак кырсыгынан каза болгондон кийин 28-июнга белгиленген президенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө эл активдүү катышып жатат.
Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарып келген Ибрахим Раиси быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында тик учак кырсыгында каза тапкан.
Өлкөнүн президенттигине төрт талапкер ат салышып жатат.
- Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади;
- Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф;
- Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили;
- Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин уланат жана зарыл болсо бир нече саатка узартылышы мүмкүн. Добуш берүүнүн биринчи жыйынтыгы ишемби күнү түшкө чейин жарыяланат.
Өлкөдө 61 миллион 452 миң 321 адам добуш берүү укугуна ээ.
































Discussion about this post