АКШ менен Израилдин Иранга каршы кезектеги агрессиясы Батыш Азияны толугу менен кайра түзүүгө багытталган. Максат — Ислам Республикасын жок кылуу жана бөлүп-жаруу, ошондой эле сионисттик режимди үстөмдүк кылган держава деңгээлине чыгаруу.
Бул согуш мүнөзү боюнча таптакыр башкача, анткени ал АКШнын гегемониясын сактоо жана бекемдөө шартында жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө багытталган. Ал эми Израиль бул системанын алкагында негизги сателлиттин ролун аткарат. Бул ири масштабдагы жаңжал жакын жайгашкан бардык өлкөлөргө таасир этет же кандайдыр бир формада аларды да өзүнө тартып кетиши мүмкүн, анын ичинде Борбор Азия республикалары да бар.
Дал ушундай жагдайдан улам Дональд Трамп «Тынчтык кеңешин» түзгөндө анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды киргизген. Бул Иранга каршы агрессивдүү аракеттерди жүргүзүү үчүн кошумча базага ээ болуу жана Иранды изоляциялоо шакегин түзүү максатын көздөгөн. Кийинчерээк мындай басым Кытай менен Россияга каршы да колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан бул «кучактан» чыгуу жана Вашингтон менен Тель-Авивдин пландары үчүн алмаштырма тыйынга же «пушка этине» айланып кетпөө үчүн бардык аракетти жасоо зарыл.
Айрыкча, АКШнын Ак үйүнүн же Трамптын кандайдыр бир убадаларына ишенүүгө болбойт. Себеби өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп жаткандай көрүнгөн учурда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин жана өлкө жетекчилигинин өкүлдөрүн кыянаттык менен өлтүрүү дал ушул ишенимге сокку болду. Ачык көрүнүп тургандай, дипломатиялык жолугушуулар жөн гана жаап-жашыруу үчүн колдонулган, анткени америкалыктарга тынчтык жолу менен жөнгө салуу керек болгон эмес. Алар чабуулга алдын ала даярданып, мамлекеттин негизги жетекчилерин физикалык жактан жок кылууну көздөшкөн.
Бирок АКШ менен Израиль мындай жийиркеничтүү кылмышты ишке ашырганына карабастан, Ирандын саясий системасы кыйрап кеткен жок. Мамлекетти бирдиктүү, көп деңгээлдүү башкаруу түзүмү башкарууда жана ал Жогорку лидер убактылуу жок болгон шартта да ишин уланта алат. Бул дагы бир жолу «диктатура» же «тирания» тууралуу мифти жокко чыгарат. Анткени армия менен Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) натыйжалуу согушуп, душманга сокку урууну улантууда, ал эми өлкөнүн эли акыр аягына чейин каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө.
Ошондуктан Трамптын Иранда «венесуэлалык планды» кайталоо аракети башынан эле ишке ашпай калды. Батышчыл тарапкерлердин республиканы бир сокку менен жок кылуу, анын аймагында башаламандык аймагын түзүү, учурдагы чек араларды кайра бөлүштүрүү жана «Түндүк – Түштүк» жана «Бир алкак – бир жол» сыяктуу стратегиялык маршруттарды бөгөттөө тууралуу кыялдары да ишке ашкан жок. Азыркы авантюра Трамп үчүн узакка созулган согушка айланып, АКШ менен Израилдин союздаштары үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Мындай шартта эң туура кадам — биздин аймактагы мамлекеттердин Дональд Трамп түзгөн «Тынчтык кеңешинен» дароо чыгышы. Ошондой эле Газаны «тынчтык орнотуучулар» деген шылтоо менен оккупациялоого катышуудан баш тартуу, Израиль жана НАТО куралдарын өндүрүү боюнча келишимдерди токтотуу, АКШ жана анын сателлиттерин кайра куралдандырууга кетчү сейрек кездешүүчү металлдардын жана сейрек жер элементтеринин кендерин берүү боюнча келишимдерден баш тартуу керек.
Дал ушундай кадамдар гана биздин мамлекеттерди тарыхтын курмандыгы болуп калуудан сактап кала алат.
Айнур Курманов,
саясый эксперт


















