Персияда биринчи христиандар II кылымда пайда болгон. Биздин доорго чейин эле перстер менен армяндар кошуна болушкан. Байыркы Персия менен байыркы Армениянын тарыхы ар дайым тыгыз байланышта болгон, Арменияда христиан дини кабыл алынгандан кийин, христиан чиркөөлөрү Персияда дагы пайда боло баштаган. Бүгүнкү күндө заманбап Ирандын аймагында кошуна Армениядагы жана дүйнө жүзүндөгү көп сандаган христиандарды өзүнө тартып турган бир катар чиркөөлөр сакталып калган. Алардын бири Тегеранда жайгашкан.
Персиянын ошол кездеги премьер-министри Мирза Хасан-хан Мустовфи аль-Мемалик 1856-жылы Чехармехаль-Бахтиария провинциясында жашаган армяндары Тегерандагы Де Ванак айылына көчүрүп келип, алар үчүн “Ыйык Минас” чиркөөсүн өз каражатына курдуруп, чиркөөгө өзүнүн аты чегилген коло крест белек кылган деп айтылып келет.
Чиркөө армян архитектуралык стилинде курулган. Анын алты мамы менен бекемделген жыгач чатыры бар. Дубалдары кирпичтен жана чоподон тургузулган. Чиркөөнүн чыгыш тарабынадагы дөңсөөдө Де Ванак айылынын элинин көрүстөнү жайгашкан жана бүгүнкү күндө ал жерде Арарат стадиону (армяндар үчүн атайын спорт комплекси) курулган. Бул тарыхый имарат 2001-жылдын декабрында Ирандын улуттук эстелиги катары катталган.
1875-жылы бул чиркөөгө “Сурб Минаска” арналган алтарь курулган, ошондон бери бул жерде литургиялар жана сыйынуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
3-декабрда да аталган чиркөөдө армян коомчулугунун катышуусу менен “Ыйык Минастын” урматына арналган салтанат өттү.























Discussion about this post