Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандагы аялдардын ролу: жетишкендиктер жана перспективалар

  • Коом, Эксперттин пикири
  • 11.12.2025 11:11

Loading

Иран Ислам Республикасында “Джамади аль-Тани” айынын жыйырманчы күнү – Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) кызы Фатима Захранын (с.а.) туулган күнү болуп саналат. Бул күн Иранда Аялдар жана Энелер күнү катары белгиленет. Ушул мааракелүү күндүн алкагында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору Гулбакыт Кудайбергенова Иран коомундагы аялдардын бүгүнкү ролу жана алардын акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.

Анын айтымында, акыркы жылдары Иранда аялдардын коомдогу орду олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мурда коомчулуктун жана эксперттердин негизги көңүлү көбүнчө укуктук жана социалдык чектөөлөргө бурулуп келсе, бүгүнкү күндө аялдардын билим, кесиптик ишмердик жана саясий катышуусу жаатында  жетишкен реалдуу натыйжалары кеңири байкалууда. Аялдар илим, билим берүү, медицина жана башкаруу тармактарында активдүү күчкө айланып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрүнө өбөлгө түзүүдө.

Иранда аялдар көп жылдан бери жогорку окуу жайларындагы студенттердин жана академиялык коомчулуктун мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн түзүп келишет. 2025-жылга карата аялдар профессордук-окутуучулук курамдын 56%дан ашыгын, студенттердин болсо 63%ын түзөрү белгиленет. Бул көрсөткүчтөр аялдардын илим, инженерия, медицина, педагогика жана башка негизги тармактарда кесиптик жөндөмдөрүн активдүү өнүктүрүп жатканын далилдейт. Аялдардын жогорку билим деңгээли илимий жана кесиптик элитанын калыптанышына, өзгөчө ири шаарларда социалдык мобилдүүлүктүн жогорулашына жол ачууда.

Тема боюнча

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026

Жетекчиликте жана коомдук чөйрөдө аялдардын ийгиликтери да байкалат. Акыркы он жылдыкта ондогон аялдар министр, мамлекеттик мекемелердин жетекчиси, элчи, башкы консул сыяктуу жогорку кызматтарга дайындалып, өлкө тарыхында биринчи жолу салттуу түрдө “эркектерге тиешелүү” деп эсептелген тармактарда туруктуу ийгиликтерди жаратышууда. Аялдардын башкаруу процесстерине активдүү катышуусу алардын кесиптик статусун гана бекемдеп тим болбостон, расмий саясаттагы катышуусунун кеңейүү тенденциясын да көрсөтөт.

Мындан тышкары, аялдар илим жана ишкерлик жаатында да активдүү роль ойнойт. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө патенттелген ойлоп табуулардын 24%дан ашыгы аялдарга таандык. Бул алардын өлкөнүн инновациялык жана технологиялык потенциалына салымы жогору экенин тастыктайт. Медицинада, билим берүүдө жана илимий изилдөөдө аялдар негизги ролду ойноп, көрүнүктүү жана эффективдүү профессионалдык элитаны түзөт. Айрыкча чоң шаарларда аялдар эркектер менен бирдей шартта жумушка орношуп, өз тармагында маанилүү роль ойноп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууда.

Бул жетишкендиктердин социалдык жана маданий зор мааниси бар.

Аялдардын билим деңгээлинин жана кесипкөйлүгүнүн жогорулашы коомдо жаңы стандарттар менен ролдорду калыптандырууда. Аялдардын башкаруу, билим берүү жана ишкердиктеги активдүүлүгү алардын экономикалык көзкарандысыздыгын жана үй-бүлөлүк, коомдук чечимдерге болгон таасирин бекемдейт.

Учурдагы тенденциялар оң динамикадан кабар берет. Аялдар өлкөнүн кесиптик жана интеллектуалдык чөйрөсүнүн көрүнүктүү жана таасирдүү бөлүгү болуп калды. Алардын илим, медицина, билим берүү, башкаруу жана ишкердиктеги ийгиликтери коомдун жана маданий нормалардын акырындап өзгөрүшүнүн негизи болууда. Аялдардын өсүп жаткан профессионалдык үлгүлөрү салттуу чектөөлөрдү бара-бара бузуп, өлкөдө аялдардын өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Иранда акыркы жылдары аялдардын ролу билим берүүдө, кесиптик тармактарда жана башкарууда активдүү катышуусу менен мүнөздөлөт. Бул жетишкендиктер өлкөнүн келечек муундары үчүн оң келечек түзүп, аялдардын социалдык, экономикалык жана маданий прогресстеги маанилүү кыймылдаткыч күчкө айланганын айкын көрсөтөт.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аялдардын ролуиранКоом
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026
Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026
Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

16.11.2026
Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026
Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

16.11.2026
Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.